super.kg logo

Таттуу түгөйлөргө бал шириндер өкүл ата, өкүл эне болушту

 
Эки жаштын өкүл энеси ырчы Неля "Жар-жар" ыры менен сахнага алып чыкты
Чачыла чачкан апалар, жалпы залдагы отурган коноктор эки жашка бата беришти
Нурлан Насип үйлөнөт дегенди угуп ыйлап, интернетте талкуу жараткан кызды ырчы сахнага чакырып, гүл берди
Залда отурган жаш балдарга алып баруучулар ырчынын кулагын чойдурушту
Ырчы кичинекей күйөрманы Камилага сөйкөсүн белекке берди
Ырчынын гүлдестесин концерт көрүп келген Нурайым тосуп алды
Эки жаштын апалары балдарына бакыт тилеп, залда чогуу отурушту

4-майда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда мега ырчы Нурлан Насип менен Асел Кадырбекованын "Таттуу махабатым" аталышындагы той-концерти өттү. Эки жашты сахнага жар-жар ыры менен ырчы Неля алып чыкты.

Сахнадан "таттуу" түгөйлөр өкүл ата, өкүл эне дайындашты. Алар ырчы Урмат Усенов менен Неля болду. Ал эми өкүл кыздуу, өкүл уулдуу болгон "бал ширин" түгөйлөр эки жашка бакыт каалап, ырларын тартуулашты.

20:38. Нурлан Насип "Таттуу махабатым" аттуу ырын ырдады.

20:43. Кечеде Эркин Рыскулбеков жана Нурзат Токтосунова алып баруучулук кызматты аркалап жатышат.

20:45. Асел Кадырбекова "Жаныңда болсом дейм" аталышындагы ырын аткарды.

21:02. Эки ырчынын кичинекей күйөрмандары сахнага чыгып, эки жаштын жакшы көргөн ырларын аткарышууда.

21:10. Эки жаш концертке келген конокторго арналган тортту кесип, бири-бирине ооз тийгизишти. Андан соң Нурлан Насип апама жаккан ыр деп жубайы Асел Кадырбекова менен бирге "Тамашалуу ыр" аталышындагы ырды аткарып беришти.

21:20. Нурлан Насип сахнага жубайы Асел Кадырбекованы чакырып, биргеликте "Бололу бирге" аттуу ырын аткарышты.

21:27. Сахнага Нияз Абдыразаков чыгып, ырчы Нурлан Насип менен бирге "Алла" аттуу ырын аткарышты. Бул ырды аткаруунун алдында ырчылар залда отурган күйөрмандарын келе жаткан Орозо айт майрамы менен куттуктап өтүштү.

21:31. Нияз Абдыразаков "Эне жүрөгү" аттуу ырын ырдоодо.

21.42. Ырчы Нурлан Насип "Ырчы жигит" аталышындагы ырын ырдоодо. Эки ырчынын таттуу махабаты менен ортоктош болгусу келгендер залдын 100 пайызын түздү.

21:48. Нурлан Насип "Көпөлөгүм" ырын ырдады. Отурган күйөрмандарын "залда ыйлаган кыздар жокпу?" деп тамашага салып, сүрөткө түшкүсү келген бардык күйөрмандары менен сүрөткө түштү.

"Мен бойдок кезиме караганда токтолуп калыптырмынбы? Эми аракет кылып жатабыз", - деген ырчы залдагы ар бир күйөрмандары менен жакын болгонго аракет кылды.
21:51. Ырчы мырза "Мектебим" аталышындагы ырын аткарып, быйыл окууну бүткөнүнө он жыл болгонун айтып өттү.

21:55. Асел Кадырбекова сахнага чыгып ретро ырларынан аткарып берди. Андан кийин өзүнүн кичинекей Камила аттуу күйөрманын сахнага чакырып, ага белекке кулагындагы сөйкөсүн чечип берди.

22:05. Сахнага курбусу жана эжеси болгон ажарлуу айым Кундуз Канатбек кызын чакырып, биргеликте "Самап келем" аталышындагы ырын ырдашты. Ырчы Кундуз Канатбек кызы Аселге бакыт каалап, өзүнүн жакшы ырларынын бирин аткарып берди.

Кеченин алып баруучусу ырчыны сахнадан узатып, залда отурган турмушка чыга элек кыздарга "ким Нурландай балага турмушка чыккысы келсе, сахнага чыксын" деп он чакты кызды чакырды. Сахнага чыккан кыздар ырчы Асел Кадырбекованын гүлдестесин тосуп алууга даяр турушту. Кыздардын ичинен гулдестени тосуп алган Нурайым аттуу ырчы менен эстеликке сүрөткө түштү.

22:20. Алып баруучу Нурзат Токтосунова сахнага Нурлан Насип менен Асел Кадырбекованы чакырды. Алар хитке айланган "Ашык болуу" ырын ырдап, кечени жыйынтыкташты.

Кеченин аягында концертке келген коноктор эки жаштын таттуу махабаты кошулган даамдуу торттон ооз тийип, үйлөрүнө кайтышты.


кошулду





Таттуу торт, колуктунун гүлү, кулак чойгон балдар... Нурлан менен Аселдин концертинен эксклюзивдүү видеорепортаж

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 7 
Комментарийлер(53)
04.05.2018. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бактылуу болгула кандай сонун аявай суйунуп жатам
04.05.2018. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Бактылуу болгула!
04.05.2018. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Ар бир жан Бактылуу болгонго татыктуу! Бактылуу болушсун ылайым!
04.05.2018. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ыразычылык билдирем
04.05.2018. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Концертин теледен качан коро алабыз
04.05.2018. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Окул ата окул апа темасында эн сонун чечипсинер. Силер да алар сыяктуу ынтымактуу тугойлордон болгула.
04.05.2018. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бугунку жана алдында боло турган концертинерди ийгиликтуу откоруп алгыла.
Эки дуйно бактылуу болгула,Бейиштин эшигин бирге ачкыла......
04.05.2018. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Аябай сүйүүнүп атам.Өзгөчө өкүл ата өкүл апасы идиал болуптур. Бактылуу болгула ылайым!
04.05.2018. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
бир соз менен Браво!!! Омур бою биринерден ажырабай бактылуу омур сурушунорго чын дилимден тилектешмин!! Кооп балачакалуу болгула,бирини бирин сыйлаган таттуу тугойлордон болгула!!
04.05.2018. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Нурлан молодец!
04.05.2018. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Браво!!!
04.05.2018. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен айткандай, мен каалагандай болуптур. Бактылуу болгула!!!
04.05.2018. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ырчылар кыпчылып отурганын карасанар Дайыр баш болуп
04.05.2018. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылуу болгула кармашкан колунар эч качан узулбосун
04.05.2018. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нурлан Байке эми екобуз семиришибиз керек да кудай буйруса. Бактылуу болунуздар чыгармачылык ийгилик каалайм концерт жакшы отту коруучулор залдын 100% пайызын тузду мындан ары да элге жакшы маанай тартуулап журо беришиниздерге тилектешмин ийгиликтер болсун
04.05.2018. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
эми оо бир жыл откучо кундо бирден ким эмне болгонун айтып озунор жонундо билдирип тургула, пиар кылып.
04.05.2018. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Неля мн Урматты окул ата- эне кылып койгону аябай соонун болуптур
05.05.2018. 00:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аселге мен уйлонгондой эле суйунуп жатам.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: