Сапар Исаков 2 айга камакка алынды
Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы 5-июнда кабарлады.
Маалыматка ылайык, Бишкектин Биринчи Май райондук соту Исаковдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, УКМКнын СИЗОсуна тергөө бүткөнгө чейин камоо чечимин кабыл алды.
Эске салсак, ага 29-май күнү "коррупция" беренеси менен айып тагылган. Учурда тергөө иштери уланууда.
Айта кетсек, 5-июнда саат 16:00гө Сапар Исаков УКМКга суракка чакырылгандыгы маалымдалган.
Буга чейин 26-апрелде Сапар Исаков Бишкек ЖЭБ боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде күбө катары УКМКда сурак берген. "Бишкек ЖЭБ боюнча менин күнөөм бар деген сөздөр чындыкка дал келбейт", - деп ал журналисттерге билдирген. 14-майда Сапар Исаков 2-жолу суракка барган. Анда УКМКга кирип баратып "саясий куугунтук болуп жатат" деп айткан. Сурак түштөн кийин да уланган.
Белгилей кетсек, 26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Мындан улам бир жыл мурун Кытайдан алган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факты боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган.
кошулду




Бул иш качан тергелип, соту качан бутот, Сокенер канча акчаны кустура алат, булардын баары белгисиз...
2 айга СИЗОго камаса эле, как будто уурдалган миллион-миллиарддар кустурулуп, Атамбаев баш болуп бут коррупционерлер 20-30 жылдан камалгансып суйуносунор...
Жожону куздо санайбыз!!!