super.kg logo

18 жаштагы кызды кайда ала качканы жана кантип зордуктаганы белгилүү болду

 

Бишкек шаарынан 18 жаштагы кызды ала качып барып, андан соң зордуктап салган окуянын чоо-жайын жабырлануучунун эжеси Айзат бүгүн, 14-июнда маалымат жыйында айтты.

Анын айтуусуна караганда, кызды 24 жаштагы жигит, анын эжеси Мээрим жана айдоочу болуп ала качышкан. Жабырлануучу кыз ала качкан адамды батирдин ээсинин баласы катары бир эле жолу көргөнүн айтат.

"Биз жашаган батирдин ээсинин баласы сиңдимди ала качып кетти. Сиңдимди баланын эжеси машинадан жүк түшүрүп кой деп суранып, унаанын жанына ээрчитип барганда Жумгалга ала качып кетиптир. Сиңдимдин кыйкырганын атам угуп эшикке чыкканга чейин алар кетип калышыптыр", - дейт Айзат.

Андан соң ала качып кеткен тарап телефон менен сүйлөшпөй, кийин телефон чалып кызды ала качып кеткенин айтып ачуу басар жиберерин айткан.

"Биз сиңдим менен телефондон сүйлөшсөк "отурбайм алып кеткиле" деп ыйлады. 11-июнда эртең менен Бишкектен Ленин районунун милиция кызматкерлери менен Жумгалга баргыча түшкү саат 11ден өтүп кетти. Ал убакта сиңдимди РИИБге алып келип коюшуптур. Барганда карасак денеси бүт көк ала, колдору тытылган. Ала качып барган күнү сиңдим менен баланы бир бөлмөгө камап коюшуптур. Зордуктап жаткан учурда сиңдим баланын ата-энесинен жардам сураса эч кимиси укпай, жардам көрсөтпөй коюшкан экен", - дейт эжеси Айзат.

18 жаштагы кыз 4-шаардык ооруканада жатат. Ал эми анын эжеси Айзат бул ишке тиешеси бар ар бир адам мыйзам чегинде жазасын алса дейт.

"Учурда сиңдимди ала качкан баланы эле камап коюшту. Аны ала качууга катыштыгы бар жана зордуктоого жол берген адамдар да жазасын алуусун каалайбыз", - деди кыздын эжеси Айзат.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(44)
14.06.2018. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+31
Дагы бир кыздын тагдыры талкаланды...
14.06.2018. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Динчилдер караңгы, динчилдердин сөзүн укканча билим алуу керек деп кыйкыргандардын бири да жок. Эгер баланын ата-энеси динден кабары болсо нике окутпай туруп бир үйгө камап коймок эмес. Булар баласын ыплас, ырайымсыз оор күнөө кылышына каршылык кылбай, тескерисинче колдоп кубаттап коюшуптур да. Мындайларга топтолушуп зордуктаган деп ала качууга тиешеси барлардын баарын жазасын берүү керек. Бир кыздын тагдырын талкалап коюшту. Баарына катуу жаза берилишин талап кылабыз.
15.06.2018. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dalil,динчилдер не кылды силерге. Адамды(молодому) карап эмес, динге кызыгып окусаныз, биринчи барактан баштап билим ал деп жазылат. Жапайы бир макулуктун, малдан айырмасы жок адамды динге аралаштырбаныз.
15.06.2018. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Va.vasm, мен кандай мааниде жазганымды түшүнбөй калган окшойсун. 5-6 колдонуучу бар дин жөнүндө тема болсо эле динчилдер караңгы болот светтик билим алуу керек деп кыйкыра берчүүлөр. Ушундай динге тиешеси жок жапайычылыктарга келгенде унчукпай жок болуп кетишет
14.06.2018. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Жеткен акмакчылык, жапайычылык, адамдардын карангылыгы, ошол окуяга тиешелуунун баары жазасын алсын, азыркы заманда ал качуу деген жат корунуш.
14.06.2018. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+28
Ата энесин кошуп камасын, кайсы кок мээ ата эне баласыга бир кызды коюп берди экен, ишти кыла бер деп, мындай жырткычтарга ырайым жок, камалсыыын!!
14.06.2018. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-26
Ала качууну мыйзамдаштырып койуш керекда зордуктоо олум болбойт эле ошондо
14.06.2018. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-33
Баланын квартирасы болсо кыздарга квартира керек болгон болсо ушунтип квартираны тартып алабыз деп жатышканго
14.06.2018. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
00AbibhanovMunarbek0045,жанында болгондой жазгансынго
14.06.2018. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эми........ди уч коргондо коросун
14.06.2018. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Код коюлган шортадан алып келип кийгизиш керек болду.
14.06.2018. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Rasul94,))
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: