Кыргыз Республикасынын Эл артисти Дүйшөн Байдөбөтов дүйнө салды

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Дүйшөн Байдөбөтов 69 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу актёрдун кесиптеши, актёр Акылбек Мураталиев SUPER.KG порталына билдирди.
"Кыргыз маданияты орду толгус жоготууга учурады. Театр жана кино актёру Дүйшөн Байдөбөтов бүгүн, 7-июлда инсульттан улам каза болду. Ал 3 жылдан бери бул дарт менен күрөшүп келген", - дейт ал.
Дүйшөн Байдөбөтов "Мен Тянь-Шань!" тасмасында Ильястын, "Ак баранын көз жашында" Базарбайдын, "Токтогул" тасмасында Токтогулдун, "Каныбек" тасмасында Түлкүбектин, "Саманчынын жолунда" Субанкулдун, соңку фильмдерде, "Белгисиз маршрутта" айдоочунун ролун ийине жеткире аткарган. Мындан тышкары театр сахнасында 100гө чукул спектаклдерде роль жараткан.
Актёрду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 9-июлда өзүнүн туулуп-өскөн Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун Үч-Эмчек айылында өтөт.
Эске салсак, Дүйшөн Байдөбөтов 1949-жылы 5-январда төрөлгөн. Ал 28 жашында Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти болсо, 10 жылдан кийин Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамын алган. Ал мектепти аяктагандан кийин жубайы Кенже Исмановага үйлөнүп, 2 уул, 1 кыздуу болушкан. Актёрдун чыгармачылык жолу тууралуу бул шилтемеде.
SUPER.KG порталынын эмгек жааматы Дүйшөн Байдөбөтовдун көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.



Сурагынарды токтоткулачы. Суракты озун бер.
жаратылыштын мыйзамына баш ийебиз да бул жалганда
Оор жоготуу, жакындарына терен кайгыруу менен конул айтам.
Жаткан жериниз жайлуу болсун дегенден башка аргабыз жок,аттин..
Баарыбыз бир куну омур менен кош айтышабыз .
Дуйшон ага Кыргыз Элинин журогундо сакталып калат .
Жакындарына туугандарына терен кайгыруу менен конул айтабыз .