Ош шаардык кеңешинин көпчүлүк коалициясы Оштун мэрлигине Таалайбек Сарыбашовду көрсөтүүнү чечти (өмүр баяны)
Оштун мэрлигине шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясы Таалайбек Сарыбашовду сунуштады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош шаардык кеңешинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, көпчүлүк коалицияга кирген КСДП, “Бир Бол” жана “Мекеним Кыргызстан” фракциялары бир добуштан Ош шаарынын мэрлигине Таалайбек Сарыбашовду сунуштаган.
Басма сөз кызматы кошумчалагандай, 9-июлга карата мэрликке талапкер катары Сарыбашовдон башка эч ким жок.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормоновдун айтымында, көпчүлүк коалициясы Сарыбашовду көп жылдык тажрыйбасын эске алуу менен анын талапкерлигин бекитип берди. "Башка оппозициялык партиялардын талапкери боюнча менде маалымат жок. Биз бир добуштан Таалайбек Сарыбашовду бекитип бердик", - деди Ормонов.
Оштун мэрин шайлоо 18-июлда өтөт.
Мыйзамга ылайык, Ош шаарынын мэри кызматына талапкерди сунуштоо укугу шаардык кеңештеги фракцияларда, коалицияларда жана премьер-министрде бар.
Өмүр баяны
Сарыбашов Таалайбек Насирбекович 1971-жылы Алай районунун Гүлчө айылында туулган. Жогорку билимдүү. 2008-жылы Ош мамлекеттик юридикалык институтунун юриспруденция адистигин аяктаган.
1989-1991-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
1989-жылы - Алай районундагы автобазада слесарь;
1991-2008-жылдары - сатуучу, базардын директору, жеке ишканада эсепчи;
2008-жылы - Алай райондук кеңешинин депутаты;
2012 -2015-жылдары - Алай райондук администрациясынын башчысы;
2015-жылдан баштап өкмөттүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп эмгектенип келген.
кошулду



Адилет, таза шайлоо болчу болсо Сокен 5% добуш да алмак эмес... Бул шайлоо эмес, атына эле шайлоо болду. Сен эмне, Сокени эл шайлады деп ойлодун беле?!! Сокени эл эмес, бийлик шайлады... Шайлоо болгон жок. Ал жон эле шоу болуучу...
Же Базар Унверситети бекен.
Мелисти бийликке алып келуудон коркот Жээнбеков...
Губернатолук неге жакпады.
Базарком болсо бул Таке,
Бананга неге тоюп албады.
Кайталап эреже бузгандыгыңыз үчүн жана эскертүү сызыгыңыз толгондугуна байланыштуу түбөлүк БАНга!
Мобу Сарыбашов Алайдын жайлоолорун Озбекистанга ижарага берген адам...
Тигине канча канча жер Озбекистанга ижарага берилген бойдон кайтара албай журушот. Ал эми бул жерди ижарага берет имиш. Эми Ош шаарын ижарага берип жибербесин, абайлагыла!!!