УКМК коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттар үчүн ачылган эсепке 20 миллион сомдон ашык акча төктү
УКМК коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттар үчүн ачылган эсепке 20 миллион 400 миң сом төктү. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, УКМК коррупцияга каршы күрөшүү багытындагы ишмердүүлүгүнүн алкагында мамлекетке кайтарылган каражаттардын жалпы суммасы депозиттик эсеп ачылгандан бери 129 миллион 600 сомду түздү.
Эске салсак, 22-июнда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттар үчүн атайын эсеп ачуу боюнча токтомго кол койгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.