super.kg logo

Мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин мүлкү камакка алынды (мүлктөрүнүн тизмеси)

 

Мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин мүлкү камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда SUPER.KG'ге Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Жантөрө Сатыбалдиевдин мүлкүн камакка алуу ага козголгон "коррупция" боюнча кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн.

"24.kg" маалымат агенттиги Жантөрө Сатыбалдиевдин камакка алына турган мүлктөрүн жазып чыкты.

- Бишкек шаарындагы турак үй. Бектенов көчөсү, 128;

- 2008-жылы чыккан Тойота Камри унаасы В3966ВА;

- 2000-жылы чыккан Мерседес-Бенц 500 унаасы B6316AI;

- 2000-жылы чыккан Мерседес-Бенц Б500 унаасы Е4948.

Уулу Сатыбалдиев Жоомарт Жантөрөевичтин атына катталган мүлктөр:

- Ош шаарында жайгашкан дүкөн. "Анар" кичи району, 15а/51;

- 2015-жылы чыккан Тойота Камри унаасы 01KG881ACD.

Уулу Сатыбалдиев Исламбек Жантөрөевичтин атына катталган мүлктөр:

- Чүй облусуна караштуу Сокулук районундагы Фрунзе айылындагы жер тилкеси, Проектируемая көчөсү, 81;

- Сокулук районундагы Фрунзе айылы, Проектируемая көчөсү, 80;

- Сокулук районундагы Фрунзе айылы, Проектируемая көчөсү, 115;

- Сокулук районундагы Фрунзе айылы, Проектируемая көчөсү 117;

- Сокулук районундагы Фрунзе айылы, Проектируемая көчөсү 101;

- Сокулук районундагы Фрунзе айылы, Проектируемая көчөсү 99;

- Сокулук районундагы Фрунзе айылы, Проектируемая көчөсү 63;

- Сокулук районундагы Фрунзе айылы, Проектируемая көчөсү 62;

- Сокулук районундагы Фрунзе айылы, Проектируемая көчөсү 82;

- Ош шаарындагы "Ак-Тилек" кичи районундагы турак үй 28;

- МАЗ 6303-020 унаасы 3546М;

- МАЗ 6422 унаасы О0153AG.

Уулу Жантөрө уулу Кубатка катталган мүлктөр:

- Лексус-ЕС- 350 унаасы, 2006-жылы чыгарылган В7800АЕ;

- Мерседес-Бенц ОЕК280, 2008-жылы чыгарылган 01KG497ABF;

- Хонда Одиссей, 2006-жылы чыгарылган 01KG820AAR.

Жубайы Смадиярова Канышай Турдукеевнанын атына катталган мүлктөр:

- Бишкек шаары Ахунбаев көчөсү, 129б дарегинде жайгашкан өндүрүш мекемеси код ЕНИ 102020036002802006;

- Бишкек шаары Ахунбаев көчөсү, 129б дарегинде жайгашкан батир жана гараж, код ЕНИ 102020036002801004;

- Лексус RX330 унаасы, 2004-жылы чыгарылган Е7800Е;

- БМВ 325 унаасы, 1993-жылы чыгарылган B5036R;

- Тойота Прада унаасы, 2005-жылы чыгарылган B7800L.

УКМКнын басма сөз кызматы бул тизмеленген мүлктөр толугу менен камакка алына тургандыгын SUPER.KG порталына тастыктады.

Айта кетсек, 18-июнда Бишкек шаарындагы ЖЭБди модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча шектүү катары мурунку премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кармалган. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайынын тергөө камагына киргизилген. 20-июнда Биринчи Май райондук соту Жантөрө Сатыбалдиевди тергөө бүткөнгө чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.

Эске салсак, июнь айында Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында мурунку премьер-министр Сапар Исаков, Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов жана Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев да камакка алынган. Андан сырткары да бир топ аткаминерлер кармалган.

Ушул жылдын январь айындагы катуу суукта Бишкек ЖЭБи аварияга учурап, шаар тургундары бир жума бою жылуулуксуз калган. Бул окуяга байланыштуу 2017-жылы ири суммага модернизацияланган ЖЭБге карата сындар күчөп, Кытайдан насыяга алынган 386 миллион доллардын максаттуу сарпталганы суроо жараткан. Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция) менен иш козгоп, УКМК тергөө жүргүзө баштаган.

Жантөрө Сатыбалдиев буга чейин SUPER.KG порталына ЖЭБди модернизациялоо боюнча кеңири маек берген. Аны төмөнкү шилтемеден окуй аласыздар.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Комментарийлер(45)
31.07.2018. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Озу качан камалар экен?
31.07.2018. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
almanbetperm,Сатыбалдиев убактылуу камакта отурат го,жакында соту болсо нары же бери болот!
01.08.2018. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суудан дайыма кургак чыккн Сатыбалдиев бул ирээт кутула алган жок Арам оокат аш болбосун билсин
31.07.2018. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
камака алгычакты бир квартира бир машинасы калат да .сатып,өткөзүп бүттү эчак эле.
01.08.2018. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жантөрө Сатыбалдиев мынча байлыкты кайдан алды абетте жогорку кызматтарда жүргөндө коррупциялык иштерге катыштыгы бар экени бештен белгилүү
31.07.2018. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Бул катталган эле мулктору. Катталбаганы канча?
31.07.2018. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+34
Фрунзе айылын оптом сатып алганбы бул аксакал уят эле
01.08.2018. 07:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Brilant-zhylan,хаха фрунзе айылын Сатыбалдиев айылы деп эле койуш керек экен
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: