Президент Сооронбай Жээнбековдун эс алуудагы сүрөтүнө аталыш таап, байгеге ээ болуңуз

Президенттин басма сөз кызматы Сооронбай Жээнбековдун Ысык-Көлдөгү эс алуу учурундагы сүрөттөрүн жарыялады. Ал сүрөттөрдө өлкө башчысынын костюмчан жүргөнү интернет айдыңында талкуу жаратты. Кээ бирлер Сооронбай Жээнбековдун эс алууда да костюмчан жүргөнүн жасалмалуулук деп бааласа, башкалар ал сүрөттөрдөн иштермандыкты көрүп мактоого алышууда.
Президенттин көл боюнда, жалгыз кайыктын жанында турган сүрөтү өзгөчө көңүлдү бурат.
SUPER.KG порталы ошол сүрөткө ат коюу боюнча таймаш жарыялайт. Ыр түрүндө болсо да, кара сөз түрүндө болсо, эң башкысы аталыш кызыктуу жана оригиналдуу болуп, сүрөттүн мазмунун чагылдырышы керек. Эң оригиналдуу жана кызыктуу аталышты сунуштаган окурманга атайын байге - мобилдик телефон берилет. Варианттарды комментарий иретинде калтырыңыз.
10-август күнү саат 10:00гө чейин жөнөтүлгөн сунуштар гана сынакка катыша алат.
Сынактын жеңүүчүсү жакынкы күндөр ичинде аныкталат.
кошулду
Президент Сооронбай Жээнбековдун эс алуудагы сүрөтүнө аталыш таап, байгеге ээ болуңуз

Келдим колум бир озуно кенешип.
Термелесин кенен ойлон дегенсип.
Кымыз жытту пейили кенен элиндин.
Келечегин бир турасын сен сезип.
Хххххххххххххххххххххххххххххххх
Айтчы колум ондоп кетем канткенде.
Туздоп дайым жакшы ойлор пейлимде.
Таппай койдум бир озундой кенешчи.
Кенеш берчи кантип жагам элиме.
Хххххххххххххххххххххххххххххххххх
Карап турсам,жарты кайык.
Кайгы-мунга салды мени,
Бир кем дунуйону эске салып.
Толгоносуң толкун болуп, ташты жууп кум кылып.
Көл шал түшүп көбүк болуп, топуракты чым кылып.
Тереңиңде термелесиң, элесиңди сыр кылып.
Жээлип келип шыбырайсың добушуңду күү кылып.
Бейиштин колу Ыссык-Кол.
Кагылайын касиеттүү Ысык көл,
Күч кубат бер, өркүндөткүн Кыргыз элин,
Тынчтык бер, Кудай сактап Кыргыз жерин!
Кылым карыткан кыргыз бермети жана президент.
О_й болушууго даяр мен деле.
О_суят кылчы кыргыз элиме.
Р_еспубликабыз онуксун деп,
О_йлоном кундузу кечинде.
Н_асыят кылчы, кен келечек
Б_олсунчу элиме тугол белек.
А_та-бабам калтырган деп,
о_Й_ лонбой жашасын болочок!
Э_не кол ыйыксын го баарынан.
Э_лимдин ишеничин актайын деп турам,
Н_асаат айтчы толкунуну угуп турам.
Б_илем, кыйынчылыктар баары алдыда,
ж Е нуу учун жардамынды менден аяба.
К_учтуу олкого айландыруу
максатым,
О_юма тилектеш бол, токтобой толкуп дайыма!
В_азирим бол адилеттулукту орнотуп баарына!
Кечоо шайлоодо акчага добушун, добушуна кошуп намысынарды, келечегинерди сатиынар. Эми келип ачык кошомат кылып отурасынар уялбай...
Олкодо алдым-жуттумдар коп болсо, аларды кошоматчылар тегеретип курчап турса, олко онукмок беле?!! Чындыкты жазуунун ордуна кошомат кыласы
Жээнбеков мырза, бийликке келгенине 9 ай болду. Ортодо Окмот алмашты, 2 ири шаар мзрлери алмашты. 15 чакты адам СИЗОдо. Башка эмне алмашты, эмне озгорду олкодо?!! Кадр алмашууларына эч ким ыраазы эмес, бир паракордун ордуна башкалары келуудо. Коррупция токтогон жери жок. Соттор илгеркидей эле адилетсиз окум чыгарууда. Олкодо онугуу жок. Мигранттардын абалы оор. Ушунун баарын биле туруп бийликте туруу уят эмеспи сага, Жэжнбеков мырза?!
Сендейлер жаманды да жакшы деп, калпты чын кылып турганы учун онукпойбуз! Чындыкты бурислаганынар учун онукпойбуз!!!
Мен сени кайсы ишин, эмгегин учун мактайын Жээнбеков?!! Озун айтчы?!! Иштесен иштебейсинби, болбосо озун билип кет да бийликтен?!!
Ар куну жол кырсыгынан адам олот, ошол жол кыймылын жолго салсан болбойбу?!! Ошол нерсе да коррупцияга барып такалат, акчага айдорчулук куболук сатып алып адам сузуп кетуудо, артынан акча берип жазадан кутулуп кетишуудо.
Кол жатат унсуз мемиреп
Жээгинде турам мен жалгыз
Укчу мени садагам пейлин таза тунуксун.
Сырларым айтчу ишенерим озунсун.
Кереметуу Ыссык-Колум
Сага айтчу сырларым коп
Келдим бир озуно сырдашууга.
Мен сузгум келет алыс алыс алыстарга.
Откум келет тоскоол болгон бороон булутардан.
Акырындап жетким келет ойлогон ой максатыма.
Сен ортоктош болчу Ыссык-Колум.
Сендей тазалыкты тунуктукту бейпилдикти.
Тартуулайын оз элим
Айрымдар Кыргызстанды колдогу кайыкка салыштырып жатат. Кыргызстан кайык болсо, сен аны чоктуруп жибересинби?!!
Сенин ордунда мен болсом уятымдан бийликти тапшырып кетмекмин. А
Мен көлгө жалгыз барып кайра келдим.
Ичтеги болгон сырды айта келдим.
Сөзүмдү бөлбөй угуп унчукпады.
Менимче сезди окшойт кайгы экенин.
Калагы жок биз азыр кайыктайбыз.
Бүт баарына заманды айыптайбыз.
Мына минтип өзгөдөн ката издеп.
Жүрө берсек жарадан айыкпайбыз.
Көл мени аядыбды толкундады.
Бутумду аста сылап толкундары.
Кызыгы биз сырдашып жаткан кезде.
Тынч турду бүт дүйнө шоокумдары.
Көлүм сен түгөнгүс дастандайсың.
Көптөгөн жолдорду баскандайсың.
Көптөгөн чокуну багындырып.
Көптөгөн кырларды ашкандайсың.
Көл мага дос бололу деп айткандай.
Толкуну урат улам мага карай.
Эх колум кана эми, кана эми.
Мен сага дос болууга жарасам ай.
Ысык - Көл мен сага кол керемин.
Бийикте теңеймин көл тереңин.
Элиме ак кызмат кыламын деп.
Ысык - Көл мен сага сөз беремин
Ант беремин элим учун иштеймин деп
Элим айтты кастюмчан мени келди деп
Мен турамын ойго батып
Кантип эртее онугобуз
Толкундардай толкуп ташып)))
Унчукпай, көп нерсе айта аласың.
Ажайып, ырахат кереметсиң.
Сөзүмдү толкундар кайталасын.
Арманым чуурутсам айып чыгаар.
Өзүңсүң армандан айыктыраар.
Багытым билсем да жүрө албаймын.
Калаксыз калкыган кайык сымал.
Көл сенин айтылбас сырларың көп.
Көл сенин түгөнгүс жыргалың көп.
Койнуңа бир кирген адам сөзсүз.
Айтаттыр аябай жыргадым деп.
Толкунуң жээкке келип улап.
Көптөгөн арманды жеңип турам.
Кош эми Ысык - Көл насип кылса.
Мен сага кайрылып келип турам