Президент Сооронбай Жээнбековдун эс алуудагы сүрөтүнө аталыш таап, байгеге ээ болуңуз

Президенттин басма сөз кызматы Сооронбай Жээнбековдун Ысык-Көлдөгү эс алуу учурундагы сүрөттөрүн жарыялады. Ал сүрөттөрдө өлкө башчысынын костюмчан жүргөнү интернет айдыңында талкуу жаратты. Кээ бирлер Сооронбай Жээнбековдун эс алууда да костюмчан жүргөнүн жасалмалуулук деп бааласа, башкалар ал сүрөттөрдөн иштермандыкты көрүп мактоого алышууда.
Президенттин көл боюнда, жалгыз кайыктын жанында турган сүрөтү өзгөчө көңүлдү бурат.
SUPER.KG порталы ошол сүрөткө ат коюу боюнча таймаш жарыялайт. Ыр түрүндө болсо да, кара сөз түрүндө болсо, эң башкысы аталыш кызыктуу жана оригиналдуу болуп, сүрөттүн мазмунун чагылдырышы керек. Эң оригиналдуу жана кызыктуу аталышты сунуштаган окурманга атайын байге - мобилдик телефон берилет. Варианттарды комментарий иретинде калтырыңыз.
10-август күнү саат 10:00гө чейин жөнөтүлгөн сунуштар гана сынакка катыша алат.
Сынактын жеңүүчүсү жакынкы күндөр ичинде аныкталат.
кошулду
Президент Сооронбай Жээнбековдун эс алуудагы сүрөтүнө аталыш таап, байгеге ээ болуңуз

Көрбөдүң өткөрбөдүн эмнелерди
Адашып кан досумдан келдим сага
Досумду айла кылып кайрып берчи...
Жаралыпсың кыргызымдын багына.
Бектер кетет эл калат
Баа берем..Ыйык,Улуксун!
Ыссык-Колум сага барам деп, Шорта,сланцыларымды да унуттум!
Баратамын кыялданып көлгө шашып.
Айланам жыпар гүлгө чачылгандай,
Жыты анкып туруп калдым моокум канып.
Кээде барам кыялданып кайда дебе,
Канат байлап учуп жүрөм дүйнө кезе.
Эх чиркин кыялдануу кандай соонун,
Бир олтуруп жетип келем нечен жерге.
Кыялдан элес менен көлдү карап,
Ак куу сымал уча түшкүн канат байлап.
Кандай соонун керемет бир өзгөчө,
Көз жумуп көз алдымда оймо курап.
Кыйналам кыял менен жарышып аргымакта.
Шуулдап шоокум гана угулгансыйт,
Ыссык көлдүн шоокумуго кулагымда
Көлдөй түптүү жемкордукту жоердо,
Кеме бопбош, жалгыз өзү калгансыйт.
Келдим сага ойлуу басып жанына.
Колум толкуйт бир нерсени сезгендей. Багыты жок жарты кайык алдында.
Чиркин кол ай,колго кумар канабы?
Кыпкызыл от кундун баткан тарабы.
А чыгыш жак кара чумбот жамынып.
Кооздоп турат тоолор менен талааны.
Кол туйшолот.. жаткан го деп кол ушуп.
Жакын барсам терен сырын болушуп.
Сен уулусун умут кылган элимдин.
Ак кызматты аябагын жеринден.
Дегенсиди колум менин берметим.