Президент Сооронбай Жээнбековдун эс алуудагы сүрөтүнө аталыш таап, байгеге ээ болуңуз

Президенттин басма сөз кызматы Сооронбай Жээнбековдун Ысык-Көлдөгү эс алуу учурундагы сүрөттөрүн жарыялады. Ал сүрөттөрдө өлкө башчысынын костюмчан жүргөнү интернет айдыңында талкуу жаратты. Кээ бирлер Сооронбай Жээнбековдун эс алууда да костюмчан жүргөнүн жасалмалуулук деп бааласа, башкалар ал сүрөттөрдөн иштермандыкты көрүп мактоого алышууда.
Президенттин көл боюнда, жалгыз кайыктын жанында турган сүрөтү өзгөчө көңүлдү бурат.
SUPER.KG порталы ошол сүрөткө ат коюу боюнча таймаш жарыялайт. Ыр түрүндө болсо да, кара сөз түрүндө болсо, эң башкысы аталыш кызыктуу жана оригиналдуу болуп, сүрөттүн мазмунун чагылдырышы керек. Эң оригиналдуу жана кызыктуу аталышты сунуштаган окурманга атайын байге - мобилдик телефон берилет. Варианттарды комментарий иретинде калтырыңыз.
10-август күнү саат 10:00гө чейин жөнөтүлгөн сунуштар гана сынакка катыша алат.
Сынактын жеңүүчүсү жакынкы күндөр ичинде аныкталат.
кошулду
Президент Сооронбай Жээнбековдун эс алуудагы сүрөтүнө аталыш таап, байгеге ээ болуңуз


А мен ушул көл сыяктуу элим үчүн иштеймин.
Ыссык-көл жээги тайыз, бирок терең...
Ал сымал мен олкодо чон милдеткер.
Кыялданам көрмөккө сүзүп барып.
Мага шилтеп калагын ал да келет,
Мен издеген баягы жалгыз кайык.
Ысык кол-сен тазасын , сен улуусун
Элиме сендей кызмат кылсам деймин
Жазалап, эл душманын, эл уурусун
Алыкулдай илхам алып жаткансыйт.
Көлдөй терең жемкордукту жое албай,
Кеме жалгыз, озу жалгыз калгансыйт. (Алыкул Осмоновдун ырына өзгөртуу киргизуу аркылуу жазылды)
Менде болгону бир жашоо,60 жаш кез курагым,откоргон ар-бир кунумо окунгондоймун.
Бул жалган жашоо чыныгы жашоонун бар экенин корсотуп турат.
Ар-бир откоргон кунумдун артында,Асыл жарым элим турат.
Олум бизге кайсы жерде келерин билбейбиз,биз олумду ар жерде эстешибиз керек,жана кутуубуз керек.