Президент Сооронбай Жээнбековдун эс алуудагы сүрөтүнө аталыш таап, байгеге ээ болуңуз

Президенттин басма сөз кызматы Сооронбай Жээнбековдун Ысык-Көлдөгү эс алуу учурундагы сүрөттөрүн жарыялады. Ал сүрөттөрдө өлкө башчысынын костюмчан жүргөнү интернет айдыңында талкуу жаратты. Кээ бирлер Сооронбай Жээнбековдун эс алууда да костюмчан жүргөнүн жасалмалуулук деп бааласа, башкалар ал сүрөттөрдөн иштермандыкты көрүп мактоого алышууда.
Президенттин көл боюнда, жалгыз кайыктын жанында турган сүрөтү өзгөчө көңүлдү бурат.
SUPER.KG порталы ошол сүрөткө ат коюу боюнча таймаш жарыялайт. Ыр түрүндө болсо да, кара сөз түрүндө болсо, эң башкысы аталыш кызыктуу жана оригиналдуу болуп, сүрөттүн мазмунун чагылдырышы керек. Эң оригиналдуу жана кызыктуу аталышты сунуштаган окурманга атайын байге - мобилдик телефон берилет. Варианттарды комментарий иретинде калтырыңыз.
10-август күнү саат 10:00гө чейин жөнөтүлгөн сунуштар гана сынакка катыша алат.
Сынактын жеңүүчүсү жакынкы күндөр ичинде аныкталат.
кошулду
Президент Сооронбай Жээнбековдун эс алуудагы сүрөтүнө аталыш таап, байгеге ээ болуңуз


ХХХ ХХХ Жок кишилердин атынан суйлоптурсун. .
Ысык-Кол акыркы жылдары сен озгоруп кеттин,элине керек азаматтарды бизден тартып алып жатканындан аябай кабатырмын.Же элдин сага болгон жаман мамилесинен улам Ушундай чечимге келдинби!Андан коро Кыргызстандын онугушуно тоскоол болгон коррупциянерлерди бооруна алчы!
Кереметтуу колумду мен озумо сырдаш кылып алдым
эч бир жан билбеген сырларымды
Колум Мен озуно ишенип табыштадым.
Өң өзгөрүп, гүлүн күбүп карыды.
Өзүң гана тутандырган бир кезде,
Оо кыргызым эми өчпөс жүрөгүмдүн жалыны.
2) Мен өлсөм да күн бүтүп жаза тайып,
Сен өсө бер, кыргызым кулач жайып.
Экөөбүз тең жок болсок бул дүйнөдө
Аты өчпөйбү атабыздын Манас деген.
3) Самап келдим, алыстан, самап келдим,
Сагынычым таркабай карап келдим.
Жараткандын тартуулаган бул белеги,
Пендеси үчүн чоң медер, канат белем.
Бир сырдуу сендей жолдош күткөн жокмун.
#ИК #Атамбаев
Олкомду аттин кантип кураламын???
Озголор эс алууга келген кезде,
Озуно мен келсем сыр катамын...
Очурбочу умутумду Ысык Колум...
Оргууго чыксам деле курмодомун.
Олкомду жегичтерден тазалайм деп
Озуно иш формачан ант беремин!!!
Ажобуз олкобуздогу окуялардан улам колубузго эс алууга эмес,куч-кубат алуу учун келгендей сезилди мага.Болбосо казак президентин карагыла жыргап шортикчен Турцияда.А биздин ажобу
Кыялданып сан туркун ойго батат.
Коз тайдырган толкундарга сырын айтып,
Коодондогу ой-максаты алып-учат.
Наалып же башкалардай сабыркабайм.
Себеби жүрөгүмдө дайым элим,
Сөздөрүн сөөлөт кылып багып карайм.
Бөлүшүп, кубанычын кайгыларын,
Бүтүндөй тагдырыма кайрыламын.
Күлүшсө кошо күлүп, кейип турса
Кайратым айтып көөнүн жай кыламын.
Андыктан жалгызчылык менден алыс,
Аныма айтып жаткан сөзүм калыс.
Дайыма өзүм менен элим бирге,
Дайыма алар үчүн тоодой намыс.
Канткенде кыргыз элим бийик учат?...
Көп буйдалбай түз келдим.
Ысык-колум мен сендей таза тунук болгум келет,
Ар кандай кыйынчылыктарды женип алдыга толкун болгум келет,
Кыргыз элимдин каарына калбай бардык аймактарга тегиз кызматымы кылгын белек.
Жан дуйномдо жалгыз сен...
Эс алдым, бирок тойбойт экен колго козум
Кой, эми кыймылдайлы, биз иштейли
Аткарайын, элге бергем антым, созум.