Президент Сооронбай Жээнбековдун эс алуудагы сүрөтүнө аталыш таап, байгеге ээ болуңуз

Президенттин басма сөз кызматы Сооронбай Жээнбековдун Ысык-Көлдөгү эс алуу учурундагы сүрөттөрүн жарыялады. Ал сүрөттөрдө өлкө башчысынын костюмчан жүргөнү интернет айдыңында талкуу жаратты. Кээ бирлер Сооронбай Жээнбековдун эс алууда да костюмчан жүргөнүн жасалмалуулук деп бааласа, башкалар ал сүрөттөрдөн иштермандыкты көрүп мактоого алышууда.
Президенттин көл боюнда, жалгыз кайыктын жанында турган сүрөтү өзгөчө көңүлдү бурат.
SUPER.KG порталы ошол сүрөткө ат коюу боюнча таймаш жарыялайт. Ыр түрүндө болсо да, кара сөз түрүндө болсо, эң башкысы аталыш кызыктуу жана оригиналдуу болуп, сүрөттүн мазмунун чагылдырышы керек. Эң оригиналдуу жана кызыктуу аталышты сунуштаган окурманга атайын байге - мобилдик телефон берилет. Варианттарды комментарий иретинде калтырыңыз.
10-август күнү саат 10:00гө чейин жөнөтүлгөн сунуштар гана сынакка катыша алат.
Сынактын жеңүүчүсү жакынкы күндөр ичинде аныкталат.
кошулду
Президент Сооронбай Жээнбековдун эс алуудагы сүрөтүнө аталыш таап, байгеге ээ болуңуз

Оюмдун баары элимде.
Кут даарыган колумдой,
Тынчылык болсо элимде.
Кайгысын тартып калкымдын,
Канатым жайып талпындым.
Кызмат кылсам талыкпай,
Бедели тушпос баркымдын.
Ааламды нурга бологон,
Ажайып сырлуу сенчелик.
Ааламда бирда биздей калк,
Карызы жоктур бизчелик.
Умуттун отун жандырып,
Ишенип элим шайлаган.
Кен пейилдуу колумдой,
Элим учун жан курман
Канат бир байлап элине
Кылымда келген жан чыгар
Кут келип кыргыз жерине
Карай салып артта калган күнүнө
Кадырынды сеземин да түшунөм
Кааран болсом ханда болсом жүгунө
Артында кетти бири «кайып»
Кол менен турат кок асман
Мемиреп тынчтык, нур чайып