super.kg logo

Депутат Сурабалдиева: "Көмүскө экономиканын башында чиновниктер өздөрү турат"

 

Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева салыктын жогорулашы боюнча сын көз карашын билдирди. Депутат өз пикирин социалдык түйүндөгү баракчасына жайгаштырган.

Ал көмүскө экономиканын башында чиновниктер өздөрү турарын билдирген.

"Экономика министрлиги сатуудан алынуучу салыкты 2 пайыздан 5 пайызга чейин жогорулатууну сунуш кылды. Бул сунуш көмүскө экономика менен күрөшүү аракети экенин түшүндүрүштү. Бирок министрлик көмүскө экономиканын башында эч кандай салык төлөбөстөн ишкердигин гүлдөтүп жаткан мамлекеттик кызматта иштеген коррупционер экенин эстен чыгарды.

Башында экономика министринин орун басары турган кошумча нарк салыгын кайтаруу боюнча өкмөт тарабынан түзүлгөн атайын комиссиянын 800 миллион сомду өөнөп алганы боюнча кылмыш иши эмне болду? Ошондой эле коррупциялашкан аткаминерлер катышкан 217 миллион сом боюнча кылмыш иши эмне болду? Ошол адамдар жазага тартыларына күмөнүм бар. Эң биринчи министр өзүнүн катарында жүргөн кызматына ишенип казынага салык төлөбөгөн, ишкердигине шарт түзүп алган бизнесмен-аткаминерлерден тазаланышы керек.

Азыркы экономика министри Олег Панкратов биздин өлкө ЕАЭСке кирип жатканда башында тургандардын бири. Биздин өлкө биримдикке кирип жатканда министрлерде ишкерлерге жакшы шарттарды түзүп берүү мүмкүнчүлүгү пайда болгон. Бирок эски адатка салышып, эч ким биздин ишкерлердин кызыкчылыгы үчүн күрөшкөн эмес. Мына эми экономикабызда эмнелер болуп жатат? Мыйзамсыз схемалар гүлдөдү, ишкерлик менен аткезчиликтин биригип калгандыгы - 2013-2015-жылдардагы биздин бардык министрлердин кайдыгер мамилесинин айынан болууда", - деди Сурабалдиева.

Айта кетсек, Экономика министрлиги Салык кодексине өзгөртүү киргизүү менен сатуудан алынуучу салыкты 2 пайыздан 5 пайызга чейин жогорулатууну караштырууда. Бул боюнча Экономика министрлиги түшүндүрмө да берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
06.08.2018. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бардык нерселер кымьаттап эле атат, же жашоо онолбойт, же айлыктар которулбойт. суйунчу пулга документ откоройун десен, метрика беришпейт. эми жок дегенде ушул ымыркай наристелердин акчасын жон эле беришсе болмок. итак эле жеп атышат го чондор((
06.08.2018. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизнеси бар адамдар мамлекеттик жана муниципиалдык кызматта иштебеши керек болбосо өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн кана иштешет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: