super.kg logo

Экономика министри: "Сатуудан алынуучу салык жогоруласа көмүскө экономикага чекит коюлат"

 

"Сатуудан алынуучу салык жогоруласа көмүскө экономикага чекит коюлат". Бул тууралуу экономика министри Олег Панкратов 6-августта өткөргөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, сатуудан алынган салыкты көтөрүү демилгеси көптөгөн талкуулардан кийин кабыл алынган чечим болду.

Ошондой эле министр өз сөзүндө өкмөт бардык адамдарга жага турган чечим кабыл ала албасын айтып, бул демилге кабыл алынса анын жыйынтыгы негизсиз сын пикирлерге чекит коёрун белгиледи.

Сатуудан алынган салыкты жогорулатуу чакан жана орто ишкерликке кедергисин тийгизбейт. Бул демилге накталай акча жүгүртүү менен иштеген ири ишкерлерге гана тийиштүү. Ал эми электрондук соода кылууда, карточка жана терминалдар менен төлөм жүргүзүүдө салык алынбайт. Демилгенин максаты - көмүскө экономиканы жоюу жана ишкерлерди накталай эмес төлөм жүргүзүү ыкмасына өтүүгө үндөйт. Барган сайын өлкөдө накталай эмес төлөм жүргүзүүнүн үлүшү өсүүдө. Мисалы, 2016-жылдан бери мурдагы жылдарга салыштырмалуу 10 пайызга көбөйгөн. Сатуудан алынуучу салыктын баасынын жогорулашы менен үч жылдын ичинде накталай эмес төлөм жүргүзүүнүн көлөмү 80-90 пайызга көбөйүшү мүмкүн. Мунун натыйжасы көмүскө экономикага кыскарып, өлкөнүн ички дүң продукциясынын көлөмү эки эсеге жогорулашы мүмкүн", - деди Панкратов.

Статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2015-жылы накталай эмес төлөмдүн үлүшү 35,3 пайызды түзсө, ушул жылдын биринчи кварталында 44,2 пайызды түзгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(5)
06.08.2018. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мамлекетке пайда алып келүүчү ишканаларды курбай эле салыкты эле көбөйтө бергиле. Силер эч качан элди ойлобойсуңар. Накталай эмес эсеп жүргүзүп бизнес кылгандар жалаң жогорку постто отуруп андан сырткары бизнеси барлар. Мындай салыкты көтөрүү өсүп келе жаткан майда бизнесмендерге бөгөт коюу болуп эсептелет. Мамлекеттин балансына завод фабрика курулса өздөрүнүн бизнесине кедергисин тийгизет. Ошон үчүн бул чыт курсактар өздөрүнүн пайдасын ойлоп ушуга бара жатышат.
06.08.2018. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жонокой жарандарга тийешеси жок деп койуп эле салыктарды ар кандай толомдорду которо бергендин кереги жок анткени барып барып эле любой кызматтын же товардын акыркы колдонучулары кадимкидей эле жонокой жарандар.любой ишкер тологон салыгын акыркы колдонучулардан ондуруп алат.так что не вешайте мне лапшу на уши !!!
06.08.2018. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Не тойбой атасынарбы,ХХХ.Салыкты которуш керек деп кайсы бетинер менен айтып атасынар?Кары картан,жетим жесирлер бар,кичине жерге олчойтуп налог толоп жашап аткан.Салыкты силерге ХХХ ХХХ салыш керек!!!!!
Модератор admin_media түзөттү 2018-08-06 19:36:34
06.08.2018. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
asman.81,кимдир-бирөөнү мазактоого жол берилбейт.
06.08.2018. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Силердин тойбогонунардан,канча кырчындай улан кыздарыбыз,бобокторун таштап,чет жерде журот.Канча кыз,жигиттердин олугу келип атат.Кудай корсотоор,силерге окшогон кудуктарга,козунорго бир чымчым топуракка тойуп калат бир кун!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: