Каржы министрлиги 150 килограмм салмакты көтөрүүчү 10 кресло алууга тендер жарыялады
Каржы министрлиги 180 миң сомго 10 кресло сатып алат. Отургучтарды сатып алуу боюнча тендер 17-августта Мамлекеттик сатып алуулар боюнча порталында жайгаштырылган.
Маалыматка караганда, алынуучу креслолор бир нече талаптарга жооп берилиши зарыл. Креслолор 150 килограмм салмакты көтөрүп, кайыштан жасалуусу шарт. Ошондой эле отургучтардын өңү кара, беш дөңгөлөктүү, термелип турган, темирден жасалып сырты желим менен капталган, чыканак коюучу жери жыгачтан жана 12 ай кепилдиги менен болушу керек.
2015-жылы жаңы шайланып келген 6-чакырылыштагы парламент, 2 миллион 600 миң сомго 120 кресло алууга тендер жарыялап, коомчулуктун сынынан кийин тендерди токтоткон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
-5

Ар бирин өз чөнтөгүнөн сатып алгыла мамлекетке бир аз пайда болот. Итак жарылганча жеп жатасыңар