Ырчы Самара Каримова Инстаграмда миллион катталуучу топтогонунун урматына борбордо кече өткөрдү























Бүгүн, 24-августта Бишкектеги тойканалардын биринде Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова миллион катталуучу топтогону үчүн кече өткөрдү. Салтанатка ар тармактуу чөйрөнүн өкүлдөрү, ырчынын курбу-курдаштары, жакын туугандары жана кыргыз шоу-бизнесинен Неля, Нурлан Насип, Айнура Салахидинова, Азиза, Асема Токтобекова, Талант Кадыров, Өктөм Сапар уулу "Dilbar" мода үйүнүн директору, дизайнер-модельер Дильбар Ашимбаева жана башкалар келишти.
Кеченин күнөөкөрү Самара Каримова: "Менин ар бир ийгилигиме ар бир күйөрманымдын, жакындарымдын салымы бар. "1 миллион катталуучу топтоптурсуң" деген кабарды уккандан бери толкунданып, кубанып жатам. Бул кабарды уккан жакындарым "мындай жакшы саамалыкты белгилеш керек, качан майлайбыз" дегенинен 2 күндөн бери белгилеп жатабыз. Кечээ Ош шаарындагы тааныштарыбыз, санаалаштарыбыз келип куттуктап, алар менен белгилегенбиз. Бүгүн Бишкек шаарында белгилеп жатабыз. Кечени аз убакытта уюштургандыктан шоу-бизнестин бардык өкүлдөрүн чакыра алган жокпуз. Айрымдары социалдык тармактагы жеке баракчамда миллион катталуучу топтогонумду уккандар түшүнбөй "миллион сом утуп алдыңбы?" дейт, мен дагы "ооба, миллион уттум" деп тамашалап койдум (күлүп). Миллион катталуучу топтогонумду белгилегенден бери "катталуучуларды сатып алган, анын катталуучулары жандуу эмес" деген ар кандай кептер айтылып жатат. Андай кептерге такыр маани берген жокмун. Анткени айтылып жаткандар калп жана сын-пикирлерди укканга дайым даярмын. Эң башкысы миллион катталуучу башыбызды бириктирип, чай ичкенге жакшы мүмкүнчүлүк берди", - дейт
Кечеге келген меймандардын бири жазуучу Фаризат Асанкалиева: "Бүгүнтөн баштап Кыргыз өлкөсүндө аты аталган 3-миллионер катталды. Биринчиси Раим миллион, экинчиси Дайыр миллион, үчүнчүсү Самара миллион болду. Бул миллион чек эмес, миллиардга жет", - деп тамашалуу сөз айтып, белегин тартуулады.
Кечеге келген ар бир мейман каалоо-тилектерин айтып, ырчыга чыгармачылык ийгилик каалады. Ошондой эле 23-август Самара Каримованын кызы Даткайымдын туулган күнү менен дагы куттукташты. Ар башка чөйрөдөгү инсандардын башын бириктерген кече оюн-зоок менен коштолуп, оюндун катышуучуларына акчалай байгелер берилди.
Кеченин соңунда Самара Каримова ушул даражага жеткирген жолдошу Асан Мансуров экенин айтып, аны менен сыймыктанарын билдирди.
Маалым болгондой, Самара Каримова социалдык тармактагы Инстаграм баракчасында миллион катталуучу топтоп, Кыргыз өлкөсүндөгү алгачкы миллионик аталган.
Самара Каримова Инстаграмда миллион катталуучу топтогонунун урматына кече өткөрдү

100 миллион же 1 миллиард болгондо бир жөн.
1 млн. го ушунча куттукттоо кечки шаан шөкөт эмне кереги бар.
Андан көрө акча болсо Элим барсыңбы! Коомдук кайрвмдуулук фондуна бериңиз.
Бир млн'го ушунча болсо анда эртең эле 2 млн. чусунда эмне кыласыз билбедим))
Инстаграмында миллион подписчиги болсо той откоруш керек бекен, Ошто, Бишкекте?!! Бул болгону пиар да. Бул Самара озун пиарлабаса башы ооруп калат окшойт.
Озун сыйлаган адам каяктагы жоруктары менен эл астына чыккандан уялат. Миллион подписчигим бар деп катар катар той откоруп чардаган акылдуу адамга жарашаар жорукпу?!!
Бирөөгө жегенге тамак таппай жатат,бирөө подпичигим көбөйду деп той откозуп жатат.
Ар нерсенин убалы болот бир кезде.Асан бир куну байлыгын конфискация кылып,мамлекетке откозуп салса башка бай куйоого тийип кетсе керек.Мен адашыпмын деп...
Самаранын жанында куйоосу эмес, атасы тургандай болуп корунот...
Дагы бир суроо: Асан озу мамлекеттен маяна алып иштейт, бирок ошол маянасын актап жумушуна барабы же жокпу?!! Качан караба Самарасынын артынан ээрчип жургон болот... Иштебесе тапшырып берсин да жумушун, калп эле маяна алып отурбай казынадан?!!
Негизи бул экооно караштуу дагы кандай бизнестери бар, булардын кол астында иштегендерден маек алсанар болмок, жумуш шарттары кандай, маяналары кандай, тиги экоонун жумушчуларга мамилелери кандай ж.б. тууралуу...
Раим миллионерди эл коррупционер деп билет. 2010-жылы Бекназаров менен Атамбаевди уруштурган, 400 000$ пара берип, бирок бажы кызматынын жетекчиси болбой калган бири Раим миллионер болчу деп айтып келишет. .
Ал эми Самара менен Анжелика супер мактанчаактар деген ат менен элге белгилуу. Бул экоонун атын укканда эл аллергия болчу абалга жеттик...