Баткенде кутурган иттер талаган 8 жашар баланын абалы жакшырды. Иттер изделүүдө
Баткен облусуна караштуу Ак-Турпак айылында кутурган ит талаган 8 жаштагы баланын абалы жакшырып, жандандыруу бөлүмүнөн сыныктар бөлүмүнө которулду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 8 жашар баланы бир нече ит талаган.
"Бала ооруканага оор абалда келип түшкөн. Дарыгерлер баланы медициналык кароодон өткөрүп дароо операция жасашкан. Ошондой эле эмдөөдөн өткөрүшкөн. Азыркы тапта баланын абалы жакшырып, жандандыруу бөлүмүнөн сыныктар бөлүмүнө которулган", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Ал эми Баткен облусунун санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору балага кол салган иттер жана алардын ээлери изделип жатканын кабарлады.
Айта кетсек, 12-октябрда Баткен облусуна караштуу Ак-Турпак айылында талаада иштеп жаткан атасына тамак алып бараткан 8 жаштагы баланы ит тиштеп алгандыгы белгилүү болгон.
кошулду
Баткенде иттерге таланып ооруканага түшкөн 8 жашар баланын абалы жакшырды










1 |