"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Ош шаардык ЖААК бөлүмү: "Ошто туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн мукабасы жок болууда, балдарды азырынча каттоого тургузуп турушса болот"
"ЭЛДИК КАБАРга" WhatsApp аркылуу байланышкан окурман Ош шаарында жаңы төрөлгөн баласына бир айдан бери туулгандыгы тууралуу күбөлүк ала албай жатканын айткан эле. Бул боюнча Ош шаардык жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнүн башчысы Аида Сыдыкова жооп берди.
"Күбөлүктөр тартыш болуп жатат. Бишкектен жөнөтүлгөндө бөлүп беребиз. Акчаны кассага төлөшөт. Биз колго албайбыз. Башкысы, бала катталышы керек. Бирок элдер күбөлүктү бергиле деп кетип калышат. Азыркы тапта дүйшөмбү күнү 50 даана мукаба келген. Азыр адистерде 2-3төн эле калды. 24-октябрда дагы күбөлүк келет. Ата-энелер балдарын каттоого тургузушса, күбөлүк алуу көйгөйдү жаратпайт", - дейт Ош шаардык жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнүн башчысы Аида Сыдыкова.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.