super.kg logo

Ооганстандык Абдулвакил Турдуахун уулу: "Этникалык кыргыздар Памирден Кыргыз жерине үмүт менен келип, үмүт үзүп кетишти"

 

Өткөн жылдын 12-октябрь күнү Ооганстандагы 33 памирлик кыргыз өлкөгө алынып келген. 6 үй-бүлөдөн турган этникалык кыргыздар окутуу үчүн алып келингени маалымдалып, Нарын районунун Куланак айылындагы №86-кесиптик лицейинин жатаканасына жайгаштырылган. Дээрлик 6 ай жашагандан кийин памирлик 18 кыргыз, июль айында кайра Ооганстанга кайтып кеткен. Анда Кыргыз өлкөсүнүн миграция кызматы алардын каникулда туугандары менен учурашуусу үчүн кеткенин кабарлаган. Бирок алар ушул күнгө чейин кайтып келе элек.

Ошол кезде Кыргыз мамлекетине келип, учурда билимин өз оюндагысындай өркүндөтүп жаткан Абдулвакил Турдуахун уулу менен окуудагы жетишкендиктери, келечек пландары, ойлору тууралуу сүйлөштүк.

Абдулвакил, адегенде өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз?

- Мен Абдулвакил Турдахун уулу 1999-жылы Ооганстандын Бадахшан облусунун Вахан районундагы Памир айылында төрөлгөм. 8 жашыма чейин Памир айылында чоңоюп, кийин Ооганстандын борбору - Кабулда 6-класска чейин мектепте окудум. Андан кийин Бадахшан облусундагы Ишкашим районундагы мектепке которулуп, аны 2016-жылы аяктадым. Үй-бүлөдө 9 бир туугандын жетинчисимин.

Атам Турдуахун Атабеков Ооганстандын борборунда Жогорку Кеңеште депутат болуп 12 жыл кызматта болду. Андан кийин Ооган президентинин кеңешчиси болуп 9 жыл иштеди. Атам памирлик кыргыздардын гана эмес, Бадахшан облусу боюнча элдин көйгөйүн чечип иштеди. 2016-жылы Бадахшан облусунда каза болуп калды.

Абдулвакил Турдуахун уулу иниси Нурулхуда менен

- Кыргыз өлкөсүнө кантип келип калдыңыз?

- Биз үйдө ар дайым ата-бабаларыбыздын жери тууралуу сүйлөшчүбүз. Анда Кыргыз деген мамлекет бар экенин ар дайым сыймыктануу менен айтчубуз. Өткөн жылы Кыргыз өкмөтү алып келгенде иним Нурулхуда экөөбүз да келгенбиз. Ошондон тартып бул жакта билимибизди өркүндөтүп жатабыз. Учурда мен Ош мамлекеттик университетиндеги Англис тилин үйрөнүү багытында билим алуудамын. Иним Ыйман лицейинде окуп жатат. Окууда кыйынчылыктар жок, жатаканада жашайбыз.

- Кыргыз мамлекетине алгач келгенде кайсы көрүнүштөргө таң калдыңыз?

- Мен Кыргыз жерине келгенге чейин эле шаарларда жүрүп, заманбап жашоонун шартын көрүп калгам. Биз алгач Жалал-Абад облусуна токтодук. Ошондо аял кишилердин баш кийимсиз, чачтарын кыркып, шым кийип жүргөнүн көрүп, жанымдагы ага-эжелердин таң калганы бар. Мен аларга "Башка өлкөлөрдө аялдар өздөрүн ушундай эркин алып жүрүшөт" деп түшүндүргөм. (күлүп)

Мындан тышкары кыргыздардын орус тилинде сүйлөгөндүгү мени таң калтыргандан дагы кейишке салды. Өзүнүн мамлекети жок жүргөн канчалаган эл бар, алар өз алдынча өлкө болуп, өз эне тилдеринде сүйлөөнү эңсешет. Биз кыргыз тилин чанып, орус тилинде сүйлөгөнүбүз туура эмес деп ойлодум. Нарында анчейин билинбейт, Ошто, айрыкча бул көрүнүш Бишкекте абдан көп кезигет экен.

- Сиздер менен чогуу келген 18 этникалык кыргыз кайра Памирге кетип, келген жок. Байланышып турасызбы?

- Ооба, алар кайтып кетүүгө мажбур болушту. Алардын Памирге кетишине эмне себеп болгонун ачык айтсам, балким, маданиятсыздык болор. Бирок менин баамымда алар келечегин бул жактан көрө албай койду. Тагыраагы, алар келечегин ачыктап көрүүсүнө шарт түзүлгөн жок.

Биз, албетте, Кыргыз өкмөтүнө бизди алып келип, жайгаштырып, тамак-аш, кийим-кечек менен камсыздаганына ыраазы болдук. Бирок булар күнүмдүк турмуш үчүн эле да. Памирлик кыргыздар бул өлкөдө калууга ниеттенгени менен, ачык убадалар болгон жок. Бул жакта мал кайтарып, айлык алып үй куруп, акырындан отурукташкыла деген сунуштар да болгон. Бирок бул такыр мүмкүн болбогон нерсе да, кантип 4-5 миң сом айлык менен үй сала алабыз?

Анан да бул жакка келген үй-бүлөлөр Памирдеги малын бирөөлөргө акы төлөп бактырып жаткан. Өздөрү бул жакта жарыбаган акчага мал багып жүрмөк эмес. Негизи эле бир өлкөдөн башка өлкөгө жер которуу оңой иш эмес, отурукташып кетүү үчүн жакшы колдоо керек болчу. Кыскасын айтканда, үмүт менен келгендер үмүтүн үзүп кайтышты. Эми кайтып келишпесе керек...

Памирден Нарынга келген кыргыздар - Келечектеги пландарыңыз тууралуу да айта кетсеңиз...

- Эң негизги максатым - азыр алып жаткан билимимди туура пайдалануу. Кыргыз жериндеби же кайра Ооганстанга барамбы азырынча белгисиз. Ал өлкөгө барсам деле билимдүү жаштарды колдооруна ишенем, анткени буга чейин Ооган өкмөтү "Силер биздин жарансыңар, билими күчтүү ар бир жаран жакшы кызматтар үчүн керек дешкен". Андыктан учурда билимимди тереңдетүүнүн үстүнөн аракеттенип жатам.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(20)
23.10.2018. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Ишеничти актай албагандан кийин эмнеге алып келдиңер экен дейм да? Кыргыз боордошторду үмүттөндүрүп!
23.10.2018. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Этникалык кыргыздардын ал жайын сурап кайсы депутат бардынар? Чонтогунордон бир сом чыгарып, кийим кече алып бердинерби? Жок. Эч киминер барып коргон жоксунар. Креслого отуруп алып суйлойсунор да суйлойсунор.
pat12 түзөттү 2018-10-23 11:52:21
23.10.2018. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эмнеге Кыргызга дейсинер Кыргызстан деген жакшынакай атыбыз турса
23.10.2018. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Жон гана буларды пайдаланып пиар кылышты деп ойлоп калдым. Келгенде тимеле жойпуланып жанында жургондор кайра барып абалын сурашты бекен?
23.10.2018. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Памирлик кыргыздардын бай жашаган уй булоолорун алып келип мал кайтартып коюшса качат да анан. Афганда акчасын алып силерди жыргатабыз деп алдап алып келишкен парасын алып дегендей. Жакыр жашагандарын алып келсе кетишмек эмес. Баааааягы эле коррупция.
23.10.2018. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-27
Оозунан эне суту кете элек жаш баланы суйлотуп, эптеп элге окмотту жаман корсотуу максатында даярдалганы корунуп турат
23.10.2018. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Natun,анда неге үмүт менен сүйүнүп келип кайра артын карабай качышты,
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-10-23 13:53:19
23.10.2018. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жыргал жашоо, тим эле бейиште жашагандай жашайсынар деген таттуу созго алданышты. Шайлоонун алдындагы шайтан оюн экенин бул туугандар тушунбой эле келип алышкан.
23.10.2018. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бул жерде туугандарды пайдаланып кетишти бети жоктор иши бүткүчө кармап туруп иши бүткөндөн кийин эмне болсоң ошол бол деп басып кетишти мындайча айтканда жертва болуп калышты байкуштар кандай үмүт менен келишти эле. Депутаттар өлүп эле калгыла бети жоктор бул туугандардын артынан канча акча жединер экен
Baku88 түзөттү 2018-10-23 13:24:07
23.10.2018. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ушу силерден качан кутулат экенбиз деги тажаттынар го креслодо отуруп алып суйлойсонор Америка титирейт колуңардан пок келбейт
Baku88 түзөттү 2018-10-23 13:24:40
23.10.2018. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Мен памирлик кыргыздардын жанында болсом келбегиле деп айтмакмын 6000000 элди жыргатпаган силерди жөн эле тонкойтуп кетет деп
23.10.2018. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Келишкенде олло суйунгон элем тим эле бир тууганым келгендей.Кеткенде ичим туз куйгандай ачышты(((
23.10.2018. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Силер эмес биз деле умут узуп койгонбуз туугандар, так что ошол жакта ишти кыла бергиле.
23.10.2018. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Түрк бийлиги Жаныбек казынын бир кайрылуусу менен жер, үй берип бардык шарттарды түзүп берген уят эле. Көкүрөк каккан бай жигиттерге Атамбаев, Келдибеков,Бабанов,Шадиев,Матраим миллион, Салымбеков санай берсең көп байлар бар мамлекеттен урдап байыган ар бири бирден үй белек кылып койсо жегендери кичине адалданып калмак.Эми бардык кыргыз уятка калдык.
Jelezo түзөттү 2018-10-23 15:12:33
23.10.2018. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3

Кыргызыстанда озундон калсан олгонун деген эле соз!)
23.10.2018. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кочуруп келуу озу туура эмес саясат болгон! Бир жактан конуш которуп келгендерге эмес туруктуу жашап аткандарга жашоо шарт тузуп бере албай миграциялап журобуз го озубуз! Ал жактаныларга оз жеринде эле мектеп ачканга билим алганга, социалдык, медициналык жардамдарды бериш керек эле. Окуу куралдарын, медициналык шайманданды, мугалим, дарвгерлерди атайы пилоттук долбоорлор менен жонотуш керек болчу. Менин билишимче алар бизге караганда жакшы каражат таап, малдуу болушат
24.10.2018. 01:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
pat12 эн туура айттын сенин созуно кошулам, нарынга баарын алып барып лицейдин общагасына тыгып салып бири да барып алардын жашоосу тууралуу сураган жок, биздин депутаттар иш жузундо эч нерсе кылган жок баары эле соз менен кыйратышат эл учун куйгон эч ким жок баары эле оз кызыкчылыгы учун Кыргызстандын келечегине деле ишениш кыйын болуп баратат жаштардын азыр кобунчосу чет мамлекеттерде иштеп журушот ошолордун келечеги учун деле завод фабрикаларды курушса болот эле да
24.10.2018. 01:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизди кечиргиле биздин боордош туугандар! Бул катачылык бир гана бийликтегилердин эле эмес, карапайым элдин деле көңүл кош болгону себеп болду! Биз деле барып ал акыбалын сурап колдон келген жарламды берип турсак кетпейт болчу алар, кемсинткенден көрө аларды?! Тойго дегенде миллиондогон пулдар ысырап болуп жатат, ошолорго жардам берсек эл болуп калат эле ошол деле буюрса?! Кайсы арыбызга той кылабыз? Кредит алып, дүңгүрөтүп?
24.10.2018. 02:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тоолуу аймак болуп,жашоо шарты кыйын эле болбосо аларда мал жандык толтура и ошол малды карап конгон алар,копчулугу башка ишке кызыга деле бербесе керек.Кыргызстанга алып келип,бал каймак жашоону убадалаган чиновниктер биринчи озубуздун тоолуу аймактагы туугандарга норма жашоо шартын тузуп берип алсынчы.Ал жактагы колунда жок,кыйналып жашагандарын оз каалоолору менен алып келишсе болмок,кандай жардам берсенер да жашайм ошол жакта деген.Байлары келип алып биздин жашоону тоготподу корунот )))
24.10.2018. 03:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Булар эмес биздин озубуздун эл жыргабай тентип журот азыр, олкодо жумушсуздук куч алган, канчалаган жаштар уй жайы жок ар кимдин козун карап квартирада жашап журот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: