super.kg logo

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары: "Бала төрөтүүдө эч кандай акча алынбайт"

 

Мамлекеттик мекемелерде бала төрөлүүдө эч кандай акча алынбайт. Бул тууруалуу бүгүн, 31-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев айтты.

Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров бир баланы төрөтүү үчүн канча каражат кетерин сурады.

“Бир баланы төрөтүү үчүн канча каражат алынат. Бала сатуу боюнча канча кызматкериңер кармалды? Ошондой эле кош бойлуу болгон канча мектеп окуучусу аныкталды?” - деп Сабиров министрликтин өкүлүнөн сурады.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары: “Мамлекеттик кепилдик программасы иштеп жаткандан бери бала төрөтүүдө эч кандай акча алынбайт. Аталган программага бөлүнгөн каражат толук болбой калгандыктан айрым нерселерге төлөп калуусу мүмкүн, көгөйлөр бар.

Бүгүнкү күндө 5 кызматкер бала сатуу боюнча кармалып, убактылуу кармоочу жайда. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн алардын аттарын айта албайм. Ал эми кош бойлуу болгон 3 окуучу аныкталган”, - деди.

Депутат төрөт үйүндөгү коррупция жоюлбай жатканын айтты. "Мен буларды эмне үчүн сурадым? Бүгүнкү күндө бир баланын төрөлүшү үчүн 15 миңден кем эмес акча төлөнөт экен. Төрөт үйүндөгү коррупциялык көрүнүштөрдү жоё албай жатасыңар. Жазылган мыйзамдар толук аткарылбай жатат, дагы мыйзамга өзгөртүүнү алып келип жатасыңар”, - деди депутат Максат Сабиров.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(36)
31.10.2018. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Торолгондо акча алынбайт деген созуно озудо ишенбейт, элдер ишене берет дейби суйлоп койсом, ноокат районундагы торот кананы текшерсенер бир да врач соо эмес, акчаны доолап журуп алат, кызым торолгондо 500 берсем, мени тиктеп туруп уялбайсынбы ушуну бергенден дейт, анан кызымды карабай койбосун деп кошуп бердим
31.10.2018. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
suyor,паталогияга киргенде эле сурайт го, торот канада ставкасы бар аз берсен карашпайт мен торогондо суйунчу дешип туруп алганда апам, кайненем, куйоом 3000 сомдой акча берсе ошону болушуп отуруп мени карабай кровотечения болуп зорго калдым.
31.10.2018. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
suyor,Элдер азыркы заманда телефондон видео бар.....давай он эле Адам скрытый видного тартып инетке киргизип пачагын чыгарса болот.мен Кыргызстанда эмесмин.бу жерден деле уюштуруп берём.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: