super.kg logo

Сокулук районунда жаңы форматтагы Калкты тейлөө борбору ачылды

 

5-ноябрда Сокулук районунда жаңы форматтагы Калкты тейлөө борбору ачылды. Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашкандай, бул Чүй облусундагы райондук масштабдагы алгачкы Калкты тейлөө борбору болуп эсептелет. Мурда паспорттоштуруу бөлүмдөрү жана жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмү ар бири өз алдынча имараттарда болуп, кардарлар жана кызматкерлер үчүн шарттары жок болгон.

"Жаңы Калкты төйлөө борборунун аянты 800 чарчы метрди түзүп, эски имараттардан 680 чарчы метрге чоң. Капиталдык оңдоо жүргүзүлүп, унаа токтотуучу жайы жана велопарковкасы бар. Кондиционер, видеобайкоо жүргүзүү жана электрондук кезек тутумдары орнотулган. Имарат маалымат алуу, күтүү залдары, документтерди кабыл алуу жана кошумча кызматтарды көрсөтүү зоналарына бөлүштүрүлгөн. Негизги трассадан аралыгы 200 метр, бул Сокулук, Панфилов жана Жайыл райондорунун жашоочуларына жаңы борборго жеңил жетүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле жарандар борбордон паспорт, жарандык абалдын актыларын каттоого байланышкан кызматтардын 36 түрүн ала алышат. Жаңы форматтын принциби боюнча фото, касса, нотариус жана салтанаттар залынын кызмат көрсөтүүлөрү караштырылган", - деп билдиришти Каттоо кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: