super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар бүгүн Терек-Сайдагы кенге байланыштуу маселени карайт

 

Бүгүн, 6-декабрда парламент жыйынында депутат Азизбек Турсунбаев Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунун Терек-Сай айылындагы кенге байланыштуу маселени кароону сунуштады.

Эл өкүлү аталган маселе боюнча УКМКнын, ИИМдин жана өкмөттүн башка мекемелеринин өкүлдөрүн жыйынга чакыруу керектигин айтты.

Бул маселе Жогорку Кеңештин жыйынынын күн тартибине киргизилди.

Буга чейин белгилүү болгондой, Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунун Терек-Сай айылында 5-ноябрда кенге байланыштуу нааразычылык жаралып, кенди кайтарган атайын даярдыктагы отрядынын 3 кызматкери жабыркаган. Анда жергиликтүү тургундардын бири кайтарылган ишкананын аймагына кирип кеткен. Ал ишкананын аймагынан чыгарылып, бирок арадан көп убакыт өтпөй 10дон ашуун айылдашын ээрчитип келип уруш чыгарышкан.

ИИМдин билдирген маалыматына таянсак, жергиликтүү тургундар 3 кызматкерди таш бараңга алып, алар ар түрдүү жаракаттарды алышкан. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 234-берене (бейбаштык) жана 341-берене (бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү) менен кылмыш иштери козголгон. Кечээ, 2-декабрда окуяга катыштыгы бар Терек-Сай айылынын 14 тургуну суракка алынып, Жазык-процесстик кодексинин 94-беренесинин негизинде 48 саатка камакка алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: