super.kg logo

50 миң доллар пара менен кармалган чиновниктин өмүр баяны (фото)

 

Транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен колго түштү. УКМК тараткан маалыматына караганда, ал акча "Бириктирүүчү жолдор, 1 жана 3 ЦАРЭС коридору, Эпкин-Дыйкан тилкеси" (Башкууганды 89,5-159,2 чакырымдары) долбоору боюнча тендерде чет өлкөлүк компаниялардын биринин кызыкчылыгын көздөө максатында алынып жаткан. "Жусубалиев ал компаниядан жалпы жонунан пара катары 520 миң доллар сурап, буга чейин 120 миң долларын колуна алган", - дейт УКМК.

Азимкан Жусубалиев аталган кызмат ордуна 2017-жылдын февралында ошол учурдагы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун кол койгон буйругу менен келген.

Ал 1965-жылы 26-мартта Ош облусуна караштуу Алай районунун Гүлчө айылында туулган. 1987-жылы Фрунзе шаарындагы политехникалык институтун автомобиль транспортторун башкаруу боюнча инженер адистигин аяктаган.

Эмгек жолу:

1987-1988-жылдары Кыргыз ССРнин Транспорт министрлигинин жана шоссе жолдорунун Түштүк автотрестинин №2915-аскерлешкен автоколонналык тилкесинин мастери;

1988-1991-жылдары Кыргыз ССРнин Транспорт министрлигинин Кызыл-Кыядагы жүк ташуучу унаалардын автобазасынын бөлүм башчысы, тилкенин мастери;

1991-жылы Кызыл-Кыя шаардык аткаруу комитетинин уюштуруу иштери боюнча инструктору;

1991-2003-жылдары Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин бөлүм башчысы, 2915-аскерлешкен автоколоннанын башкы инженери;

2003-2004-жылдары ӨКМнын жана Экология министрлигинин өндүрүштүк-техникалык башкармалыгынын жетектөөчү адиси;

2004-2006-жылдары Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин Ош шаарындагы башкармалыгынын башчысынын орун басары;

2006-жылы Экономика жана финансы министрлигинин Ош шаардык башкармалыгынын бөлүм башчысы;

2006-2008-жылдары Ош шаарынын мэриясынын экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы;

2008-2009-жылдары өкмөттүн уюштуруу-инспекторлук иштер жана аймактык мониторинг боюнча бөлүмдүн башчысы;

2010-жылы өкмөттүн Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин аймактар менен кызматташуу бөлүмүнүн башчысы, директордун кеңешчиси;

2010-2012-жылдары президенттик аппараттын мамлекеттик, аймактык секторлорунун жана кадрдык жумуштар боюнча сектор бөлүмүнүн жетекчиси;

2012-2016-жылдары өкмөттүк аппаратынын кадрдык иштер боюнча мамлекеттик башкаруу бөлүм башчысынын орун басары;

2016-2017-жылдары өкмөттүк аппараттын Курулуш транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн жетекчиси;

2017-жылы Транспорт жана жолдор министринин орун басары;

Мамлекеттик кызматтардын III класстагы кеңешчиси, бир катар мамлекеттик сыйлыктарга ээ.


кошулду





Кыргыз чиновниги 50 миң доллар пара менен кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(42)
06.12.2018. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+36
Коптон бери чон кызматтарда экен,бул биринчиси эмес экен да.Бул кармалып калганы,билмексен болуп канчасы журот.Эми оорукчал болуп калат.
06.12.2018. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Уят эле
06.12.2018. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Айда жылда бөлүшпөй койгондорду кармап коюп, өзүңөрдү пиарлап жүрөсүңөрда, атак мындайлар күндө эле катталып жатса керек, болгону силердин оозуңаргада көгүнөн тыгып койсо ошо бойдон кетип каласыңар билмексен-көрмөксөн болуп. Балким бул кишида силер менен бөлүшпөй коюп анан жарыяладыңарда ызаланып).
Salaf түзөттү 2018-12-06 14:59:35
06.12.2018. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Ушуга окшогондордун айынан жолдордун сапаты 0.
06.12.2018. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Койкондоп эгипет Дубай кылып жүргөн екен да
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: