super.kg logo

88 миңден 6 жарым миллион сомго чейин. Шаарларды Жаңы жылга карата жасалгалоого канча каражат кетти? (инфографика, сурамжылоо)

 

Жылдын жаңырышына саналуу гана күндөр калды. Көчөлөр, кеңселер, үйлөр ар түрдүү жарыктар менен кооздолуп, айлана-чөйрөнү жаңы жылдык маанай каптап калды. Салтка айлангандай, Бишкек шаарынын "Ала-Тоо" аянтына жана бардык дубандардын борборлоруна жаңы жылдык балатыларды орнотуп, чырактарын жандыруу иштери аягына чыгып калды. Өлкөбүздүн шаарларын Жаңы жылга карата жасалгалоого канча каражат кеткендигин аныктап көрөлү.

Бишкек шаары

Бишкек шаарын Жаңы жылга карата жасалгалоого бул жылы 6 миллион 500 миң сом сарпталган. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу бир топ арзан. Өткөн жылы шаар жасалгасына 17 миллион сом бөлүнгөн.

Борбор калаадагы балатынын узундугу 25 метр, диаметри 12 метрди түзүп, чырактары 10-декабрда концерттик программанын коштоосунда жандырылган.

Ош шаары

Бийиктиги боюнча 2-орунда турган балаты Ош шаарында орнотулду. Бийиктиги 27 метрге жеткен балтыны орнотууга жана шаарды жасалгалоого 1 миллион 525 миң сом каражат сарпталган.

Жалал-Абад шаары

Бул жылы Жалал-Абад шаарына өлкө боюнча эң бийик болгон 28 метрлик балаты орнотулду. Балатыны орнотууга 1 миллион 370 миң сом кетсе, жалпы шаарды көрктөндүрүүгө 2 миллион 300 миң сом сарпталган.

Нарын шаары

Нарындын борборунда бийиктиги 15 метрге жеткен балаты орнотулуп, шаарды жасалгалоо иштерине 219 миң сом сарпталды. Бул сумма өткөн жылкыга караганда 19 миң сомго көп.

Каракол шаары

Ысык-Көл облусунун административдик борбору Каракол шаарына 21 метрлик балаты орнотулду. Көрктөндүрүү иштерине 200 миң сом каражат кеткен.

Талас шаары

Талас шаарындагы борбордук балатынын бийиктиги 14 жарым метр, диаметри 6 метрди түздү. Шаарды кооздоого 137 миң сом сарпталган.

Баткен шаары

Өлкөдөгү эң арзан балаты Баткен шаарына орнотулду. Бийиктиги 14 жарым метрге жеткен балатыга 66 миң сом акча жумшалган. Жалпы шаарды жасалгалоо иштерине 88 миң сом керектелген.


кошулду





 Сиздин оюңуз 
Кайсы шаардын балатысы купулуңузга толду? (Добуш берүү токтотулган)
  • Баткен шаары
    30,06% (49)
  • Ош шаары
    29,45% (48)
  • Жалал-абад шаары
    14,11% (23)
  • Каракол шаары
    11,66% (19)
  • Бишкек шаары
    7,98% (13)
  • Талас шаары
    4,29% (7)
  • Нарын шаары
    2,45% (4)
  • Жалпы добуш: 163
    Добуш берүү үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 11 
Комментарийлер(45)
26.12.2018. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Нарындын балатасы ошол жерде оскон карагайды эле жылда кооздоп коюшат.мен билгенден илинген жылтырактарына коп жыл болду жылда эле ошону илишет.220 мин акча каягына кеткенине тан каласын.
26.12.2018. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Баткен менен нарын шаарларындагы балатынын айырмачылыктары ат менен төөдөй
Баасы болсо асман менен жердей экенго
26.12.2018. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
2млн 300мин сомго зангыраган үй салып аласынго,жалал абад шаары жылдагыдан жакшы жасалыптыр,бирок отто эле коп сумма кеткен,муну уккан алтын балык деле эси ооп калат
26.12.2018. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жылдагыдай эле корунуш, 6.5 миллион деген расход?болбогон нерсе,жылда илинген эле шарик мариктер,дагы да жеп тоюшпады. Аллахтан болуп ичинер жарылса экен!Ошол сумманы ойлоп таап эл билбейби?Эмне болуп жатканын,же элдин козу корбу? Уяты жоктор
Sema87 түзөттү 2018-12-26 15:48:25
27.12.2018. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Sema87,бир шариги 600$
26.12.2018. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Караколдун балатысын коруп боорун ооруса, кеткен акчаларды коруп эсин оойт го
26.12.2018. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Нарындыкына 15-16 мин эле кеткен окшойтко, жудогон балаты экен
29.12.2018. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
uli1234, калганы оздорунун уйлорундогу балатыларга, балдарына подаркага кетти да. Бир жылы деле Кудайды карабай эле аялдамаларды ар бирин 250 минден жазаттык деп анан эл нааразы болгондо 25мин сомго жазалды деп чыккан.
26.12.2018. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Бардыгы эле жакшы бирок ушул балатыларга кеткен каражаттарды карылар уйуно жетим балдар уйуно же болбосо оорукчан адамдарды чет олкого жонотсонор сооп болор эле
26.12.2018. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ушунун не кереги бар дейм да? Ушундан коро жардамга муктаж 5 уй булого уй салып берсе гана ысыраптабай!
26.12.2018. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Нарындыкы кантет ага караганда мектептеги балаты жакшыраакго
26.12.2018. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кыргыз сен өнүкпөйсүң ысыраптын ана багысың.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-12-26 18:04:17
26.12.2018. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Миллион миллион сомдорго жасалабы бир балаты? Уяты жоктор, кайсыл бетинер мн бир балатыны 2млн,1млн.го жасап олтурасынар? Эмне элдин акылы кемби? 2млн эмес 200мин эле кеткен ал балатынарга, эмне мынча уятынар жок, кычкач мн столдой да бул балатынар деле
26.12.2018. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кыргыз эли логикага бай мамлекет болду да баарыбыз учун . Ысыраптын эмне кереги бар десен , кичине нерсеге паланча мин сом кетти деп башын каттырат .Мындай логикалык корунуш Кыргыз элинде толтура .Ошондуктан эн томонку даражадан чыкпай келебиз .
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: