super.kg logo
  Спорт  

Азия Кубогу: Кыргыз улуттук курама командасы Түштүк Кореяга жеңилип калды (хронология)

 

11-январда Бириккен Араб Эмираттарынын Аль-Айн шаарында Кыргыз-Түштүк Корея беттеши орун алат.

Беттеш "Хазза бин Зайед" атындагы стадиондо өтүп, Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат. Бул беттештин башкы калысы Катар мамлекетинен келген адис Хаммис Мухаммед Аль-Марри болот.

13:30. 10-январда Кыргыз жана Корея курама командалары беттеш алдындагы машыгууларды өткөрүшкөн. Машыгууларга Кыргыз курамасынан 23 оюнчу катышып, Корея курама командасынан 19 гана футболчу катышкан. Маалыматтар боюнча, Корея курама командасында 3 оюнчу жаракат алып калган. Ал эми курамдын жылдызы Сон Хын Мин учурда "Тоттенхэм" футболдук клубу менен Англия Премьер-Лигасында оюн көрсөтүүдө.

13:35. Ошондой эле кечээ күнү Кыргыз улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин жана оюнчусу Тамирлан Козубаев маалымат жыйынга катышкан. Анда Крестинин: "Кыргыз-Түштүк Корея беттешинде "Тоттенхэм" футболдук клубунун оюнчусу Сон Хын Миндин ойнобой турганы өкүндүрөт", - деп айткан.

13:45. Ал эми Корея курама командасынын башкы машыктыруучусу Паулу Бенту: "Кыргыз курамасын утуп, Азия Кубогунун жарым чейрек финалына чыгабыз", - деп айткан.

14:00. Бүгүн өтө турган стадион "Хазза бин Зайеддин" көрүнүшү төмөнкүдөй:

14:35. Бүгүн Кыргыз курама командасы кызыл түстөгү футболка менен ойнойт.
16:20. Айта кетсек, 11-январда Азия Кубогунун 2-турунун алкагында 3 оюн өтөт. Анда Аль-Айн шаарында Кыргыз-Түштүк Корея беттеши өтсө, Абу-Даби шаарында Филиппин-Кытай беттеши жана Дубай шаарында Палестина-Австралия беттеши өтөт.
16:30. Белгилүү болгондой, 1-турдун жыйынтыгында "С" тайпасында 1-орунду Кытай ээлеп келе жатса, 2-орунда Түштүк Корея, 3-орунда Кыргыз курамасы жана 4-орунда Филиппин курама командасы келе жатат.
19:50. "Хазза бин Зайед" стадиону Кыргыз-Түштүк Корея беттешине даяр болуп, күйөрмандар өз орундарына отуруп баштады. Ошол эле учурда Кыргыз улуттук курама командасы жатаканадан чыгып, стадионду көздөй жол алышты.
20:00. Кыргыз курамынын тизмеси белгилүү болду. Анда алгачкы мүнөттөрдөн оюн талаасына чыга турган футболчулардын арасында дарбазачы Павел Матяш жок. Оюнга төмөнкү 11 футболчу талаага чыгат:
Дарбазачы: Кутман Кадырбеков.
Коргоочулар: Валерий Кичин (капитан), Тамирлан Козубаев, Даниэл Тэго.
Жарым коргоочулар: Азиз Сыдыков, Эдгар Бернхард, Бекжан Сагынбаев, Кайрат Жыргалбек уулу, Фархат Мусабеков, Ахлидин Исраилов.
Чабуулчу: Мирлан Мурзаев.
21:10. Кыргыз күйөрмандары стадионго келүүдө. Айрымдарын сүрөткө тартып алганга жетиштик.
21:30. Кыргыз жана Түштүк Корея курама командалары беттештин алдындагы машыгууларын өткөрүүдө.
21:50. Беттеш башталуу алдында турат. Бир аз убакыттан кийин командалар оюн талаасына чыгышат.
21:53. Командалар оюн талаасына чыгууда.
21:56. Кыргыз гимни биринчи жаңырууда.
21:57. Түштүк Корея мамлекетинин гимни жаңырып, оюн 3 мүнөттөн кийин старт алат.
21:58. Топту оюнга алгач Түштүк Корея курама командасы кошот.
22:00. Калыстын ышкырыгы чыгып, беттеш башталды.
22:01. Алгачкы мүнөттө эле оюн талаасында футболчуга медициналык жардам керек болду. Кореялык футболчуга каршы Ахлидин Исраилов орой оюн көрсөттү.
22:03. Түштүк Корея курамасы чабуулга чыгуу аракетин көрдү. Бирок кыргыз коргоочулары мыкты оюн көрсөтүүдө.
22:04. Кыргыз дарбазасынын алдында кооптуу абал болуп өттү. Айып аянтчага кирип келген корей футболчусун Козубаев токтотуп калды. Кореялыктар топту бурчтан чыгарат.
22:05. Корей футболчулары бурчтан чыгаруудан натыйжа чыгара алган жок. Топ Кыргыз курамасында.
22:06. Атаандашынын бөлүгүндө кыргыз футболчулары кооптуу абал жаратты. Анда Кайрат Жыргалбек уулунун чыгарып берүүсүн Исраилов жыйынтыктады. Бирок Исраиловдун соккусу таамай болбой калды.
22:08. Кайрат Жыргалбек уулу оң канаттан чабуулга чыгып, командасы үчүн топту бурчтан чыгарууга мүмкүнчүлүк алып келди.
22:09. Тилекке каршы, кыргыз футболчулары натыйжалуу чабуул аткара алган жок.
22:15. Корея курама командасынын чабуулдары курч жана жыйынтыксыз болууда. Кореялыктардын бир нече чабуулун коргоочулар жана Кутман Кадырбеков токтотуп койду.
22:18. Кыргыз курамасынын дарбазасында абдан кооптуу абал орун алды. Кореялык Инбеомдун соккусу дарбазадан жогору өтүп кетти.
22:19. Кореялыктар уламдан-улам чабуулдарын курчутуп, кыргыз футболчулары мыкты оюн көрсөтө албай жатышат.
22:20. Кореялык футболчу Кадырбеков менен бетме-бет келген. Бирок калыс офсайд абалын көрүп калып, чабуулду токтотту.
22:21. Топ дагы деле кореялыктардын карамагында сакталууда.
22:22. Бекжан Сагынбаев колу менен ойноп, аны калыс байкап калган. Топту талаанын ортосунан кореялыктар кошот.
22:23. Даниэл Тэго атаандашынын чабуулун токтотуп калды. Кореялык чабуулчулар Кыргыз курамынын 3 футболчусун алдап өтүшкөн.
22:25. Бекжан Сагынбаев, Мирлан Мурзаев жана Ахлидин Исраилов бири-бири менен пасташып, жакшы оюн көрсөтүп жаткан. Бирок кореялык коргоочулар бул мыкты оюнду бузуп коюшту.
22:26. Кыргыз курамасы топту бурчтан чыгарууга мүмкүнчүлүк алды. Аны Эдгар Бернхардт аткарат.
22:29. Оюндун темпи жайлап кетти. Топ көбүнчө Корея курамасында болуп жатат.
22:30. Кооптуу абал Кадырбековдун дарбазасында орун алды. Кадырбеков биринчи соккуну атаандашынын бутуна чыгарып салып, экинчи топту айып аянтчадан чыгарып салды. Кореялыктар топту бурчтан чыгарат.
22:31. Корея курама командасы бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн пайдалана алган жок. Топ Кыргыз курамасынын карамагында.
22:32. Азиз Сыдыков атаандаштын айып аянтчасына кирип барып, сокку узаткан. Топ кореялык коргоочуга тийип, талаадан чыгып кетти. Кыргыз футболчулары топту бурчтан чыгарат.
22:34. Бекжан Сагынбаев мыкты мүмкүнчүлүктү колдоно албай калды. Ал атаандашынын айып аянтчасында сокку узатып, анын 3 метрден узаткан соккусун дарбазачы тосуп алды.
22:36. Кореялыктар дагы ката кетирүүдө. Кореялыктардын чабуулунда Кадырбековдун дарбазасы ачык калып, кореялык футболчу сокку узатканга мүмкүнчүлүгү бар болчу. Ал 5 метрден сокку узатып, топ дарбазадан бир топ жогору өттү.
22:38. Кыргыз футболчулар уламдан-улам кореялыктардын дарбазасына жакындап бара жатат. Фархат Мусабеков 25 метр алыстыктан сокку узатып, бир аз таамай болбой калды.
22:41. Гол! Кореялыктар алдыга чыкты. Кореялыктар бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүнөн колдонуп кетип, эсепти 0:1 кылышты.
22:42. Кореялыктар дароо топту тартып алып, чабуулдан кайрадан топту бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн алышты.
22:43. Кореялыктар топту бурчтан чыгарып, алардын чабуулун Валерий Кичин токтотуп койду.
22:44. Кореялыктар кайрадан кооптуу абал жаратууда. Кореялык оюнчунун таамай узатылган соккусун Кадырбеков кайтарганга жетишти.
22:45. 1-таймдын негизги убактысы аягына чыгып, башкы калыс 1 мүнөт кошуп берди.
22:46. Акыркы мүнөттө Кыргыз курама командасы топту бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн алды.
22:47. Кыргыз курамасы бул мүмкүнчүлүгүн колдоно алган жок. Кореялык дарбазачы топту алгандан кийин калыстын ышкырыгы жаңырып, 1-тайм аяктады.
23:03. Командалар оюн талаасына чыгып, оюндун 2-таймы башталды.
23:10. Эдгар Бернхардт Мирлан Мурзаевге пас узатып, аны дарбазачы менен бетме-бет келтирген. Бирок кореялык дарбазачы топко биринчи жетип, чабуулду токтотуп койду.
23:11. Фархат Мусабеков атаандашы менен кагышып кетип, кореялык оюнчу медициналык жардам алууда.
23:13. Топ кореялык оюнчунун колуна тийгендей көрүндү. Бирок аны калыс байкабай калгандай көрүнгөн, кандай болгон учурда да бул мелдеште VAR-системи киргизилген. Балким, калыстын ышкырыгы жаңырып калат.
23:14. Дагы бир жолу айып аянтчанын ичинен кореялык футболчу колу менен ойноду. Бул ирет дагы калыстын ышкырыгы тынч калууда.
23:18. Кореялык футболчулар кооптуу абал жаратты. Кичин мыкты оюн көрсөтүп, атаандашынын чабуулун токтотуп койду.
23:20. Кореялыктар топту бурчтан чыгарууга мүмкүнчүлүк алып, бирок колдоно алган жок. Валерий Кичин кореялык оюнчунун чыгарып берүүсүн токтотуп койду.
23:24. Кутман Кадырбеков дарбазасын кароосуз калтырып, жөнөкөй жерден кооптуу абал жаратып салды. Бул мүмкүнчүлүгүн кореялыктар колдоно алган жок.
23:25. Мирлан Мурзаев атаандаштарын соккусу менен текшерип көрдү. Тилекке каршы, Мурзаевдин соккусу таамай болбой калды.
23:26. Эсеп саны 0:2 болуп кала жаздады, кореялык оюнчунун соккусунан кийин топ дарбазанын таякчасына тийип, дарбазага кирип кете жаздады. Топ чийинден өтпөй дарбазадан чыгып кетти.
23:27. Кыргыз курамасында алмаштыруу орун алды. Азиз Сыдыковдун ордуна оюнга Виталий Люкс кошулду.
23:30. Дагы бир кооптуу абалда ийгилик жылмайып, Кыргыз курамасынын дарбазасына гол кирбей калды. Топ Кадырбековго, андан соң дарбазанын таякчасына тийип чыгып кетти.
23:33. Бул беттешти стадиондо 4 миң 893 көрүүчү көрүүдө.
23:35. Кыргыз курама командасында алмаштыруу. Эдгар Бернхардтты Бахтияр Дүйшөбеков алмаштырды.
23:36. Кореялык футболчу Ахлидин Исраиловду ичке тээп салып, сары айып кагаз менен белгиленди.
23:38. Кыргыз курама командасында алмаштыруу. Ахлидин Исраиловдун ордуна Турсунали Рустамов чыкты.
23:39. Корея курама командасында дагы алмаштыруу. Оюн талаасына германиялык "Аусбург" футболдук клубунун оюнчусу Же Сеонг чыкты.
23:40. Турсунали Рустамов оюн эрежесин бузуп, сары кагазын алды.
23:42. Бул беттеш 21 жаштагы Кутман Кадырбеков үчүн дебют болгону менен, ал өзүн мыкты көрсөтүп, атаандаштардын таамай соккуларын тосуп алууда.
23:46. Оюндун акыркы мүнөттөрүндө Кыргыз курама командасынын дарбазасында кооптуу абал орун алды. Айып соккуну кореялыктар аткарууда.
23:48. Беттештин негизги убактысы аягына келип, калыс дагы 3 мүнөт кошуп берди.
23:51. Калыстын ышкырыгы жаңырып, Түштүк Корея курама командасы 0:1 эсеби менен жеңишке жетти.
23:52. Чынында бул беттеш эки команда үчүн тең оор болду. Кыргыз футболчулары жеңилип калганы менен, мыкты болду деп айтсак болот. Белгилей кетсек, Түштүк Корея курамасы Азия Кубогунун жана Дүйнө чемпиондугунун бир нече жолку катышуучусу болсо, Кыргыз курама командасы алгачкы жолу Азия Кубогунда катышууда.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 7 
Комментарийлер(94)
11.01.2019. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алга Кыргызстан!
Жеңиш керек сөзсүз!
11.01.2019. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Минус басарда бир аз ойлончу кимин болсонор дагы
11.01.2019. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Буйруса Кыргыз республикасы женет соссуз. Силер колдоп эле тургула. Ошондо женишке жетеербиз.
11.01.2019. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Журогу начарлар корбой эле койгула ))
11.01.2019. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Daniel01,ха ха эздин
11.01.2019. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргызстан утат 2-0 менен буюрса.
11.01.2019. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Jelezo,жок эле дегенде 1:0 менен утса кана...
11.01.2019. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Nur777, жакшы тилек жарым ырыс ошондо 1-0
11.01.2019. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Состав жакшы экен буюрса женебиз !
11.01.2019. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Матяш жок ээми ит болушат))
Матяшты жамандагандар бугун акыбалынарды кором
11.01.2019. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
monster_high_98,сени да коробуз оюндан кийин
11.01.2019. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
monster_high_98,Матяш жок кайра жакшы тосуп атты Кутман! Азамат, келечектүү дарбазачы экен!
12.01.2019. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
monster_high_98, матяшың өзүнө өзү киргизип атты эле го. Кадырбек уулу Азамат экен. Жакшы тосуп берди
11.01.2019. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Землюнихин каякта.Жок дегенде 1гол киргизгендеям жакшы болмок.
11.01.2019. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бугун утса Кореаны Азиянын кубогун утту деп эсептейм и+ эртең жумушка чыкбайм
11.01.2019. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Sabette, Эртен жумушка чыгып кала турган болдун))
muhsina түзөттү 2019-01-12 00:00:18
11.01.2019. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алга Кыргызстан!!!⚽️
11.01.2019. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Состав жакшы болду эми
11.01.2019. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Антон чыгыш керек эле
11.01.2019. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алга кыргыздар. Матяш жок эми буйруса утушуңар керек
11.01.2019. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Неге Сон Хын Миндин жоктугу окундурот деди.Утулуп калса "аларда Сон Хын Мин бар болчу,ал кыйын ойнойт да" деп актанганга женил болот дединби?Коркпоо,утабыз биз!!!
11.01.2019. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ийгилик женилсе да женсе бул биздин улуттук курама командабыз!!кандай болгон кундо да колдошубуз керек
11.01.2019. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алга намыска бек тургула!!!
11.01.2019. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туз эфир кылып көрсөткүлө супер. Инстаграмдан болсо дагы
11.01.2019. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Өлдү э
11.01.2019. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гол кирип кеттииии
11.01.2019. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Олуп калдыыы
11.01.2019. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кадырбеков красавчик. Байкуш на части рвётся.)
11.01.2019. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Футболду караап отурсан кыжаалат болуп кетет екенсин теп пас бер деп бакыра берип
11.01.2019. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азия кубокунда бизге ийгилик жылмайбады окшойт бул сапар
11.01.2019. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алга Кыргызстан. Экинчи таймда чарчап калышпаса экен
11.01.2019. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
пас жакшы болбой жатат
11.01.2019. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ха ха журогу начарлар корбой тургула
11.01.2019. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Оо Кудай жок дегенде 1:1 болсун)
11.01.2019. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
женилетта биздикилер баарибир
11.01.2019. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
болот жакшы
11.01.2019. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
ушул убактарды мамлекет окмот тарабынан жакшы колдоо болуш керекта!!!! эч кандай колдоо жок и ище футбол президентибиз отставкага кетип калды.!!
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: