super.kg logo

Ышкырып, кыйкырып, тамак талашып, түртүшүп жатышат... Сауд Арабияга Кыргыздын маданиятын көрсөтүү үчүн кеткен айрым өкүлдөргө интернет колдонуучу нааразы

 

Кыргыздар Сауд Арабияда маданиятсыз жүрүм-турумун көрсөтүп жатышат. Бул тууралуу интернеттин Бегимай Жаныбекова аттуу колдонуучусу жазды.

Буга чейин Сауд Арабиясында өтө турган "Көчмөндөр ааламы" аталышындагы фестивалга кыргыз элинин маданиятын көрсөтүү үчүн миңден ашык адам катышары жазылган. Аталган иш-чарага 90 өлкөнүн өкүлдөрү катышат.

"Кыргыз өлкөсүнүн маданият өкүлдөрү башка өлкөдө жүргөндө маданиятты унутпаса жакшы болор эле. Алар биздин мамлекеттин, улуттун жүзүн көрсөткөнү барганын эсинен чыгарбашы керек.

Сүрөттөгү жигиттер күн сайын калпак кийип жүрүшөт, бул мактанарлык жакшы көрүнүш, бирок өздөрүн алып жүрүүсү өтө жаман.

Азырынча бул жакка фестивалга катышуу үчүн 500 кыргыз келди. Бизди борбордон алыс эмес жерге жайгаштырышты. Ал жерде дасторкон швед столу, тилекке каршы бул бизге жарашпайт экен. Топтолгон эркектер тамакка жулунуп, бири-бири менен түртүшүп, тарелкаларына үйүп салып, суусундуктарды ящиги менен эле номерлерине көтөрүп кетип жатышат. Анын кесепетинен башка адамдар ачка калууда. Салып алган тамактарын түгөтө жебей, тарелкага таштап койгондору да кыжырды келтирет.

Айрымдары тамактанууга эртерээк келип алышып, ал жердеги кызматкерлерге ышкырып, кыйкырып, шаштырышат. Аларды арабдар таң калуу менен видео, сүрөткө тартып жатканын эске алышы керек", - деп жазган ал өзүнүн билдирүүсүндө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -6 
Комментарийлер(44)
04.03.2019. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+50
Жапайылар!
04.03.2019. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
barakcha, Жапайычылык бул дагы жумшак соз, уйларга чоп салсан келип жейт жулунуп ызы чуу кылбайт. Жергиликтуу калктан атайын даярдалган жашыруун агенттиктер ар бир улуттун журум турумун, сылыктыгын, маданиятын, жылмайып журушун жашыруун текшерип жазып турушат. Биздин жапайылар -2 деген баа алышты.
aibars түзөттү 2019-03-04 18:42:12
05.03.2019. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aibars,нөл десең
05.03.2019. 01:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
aibars, сыймыктанам мен
04.03.2019. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
barakcha, Супердин жамааты сиздерден отунуч. Тактап билип бериниздер. Булар кандайча тандалып кетти, баргандар кимдер, кайсы маданият тармагынын адамдары? Же тууганчылык кылып жон эле жоноп кеткендер барбы? Маданият министрлиги толук маалымат беришин талап кылабыз.
04.03.2019. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+40
Уят эле, жонотуп атканда кичине сабак отуп, эскертип коюшпаптырбы уюштуруучулар!
04.03.2019. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Alia82,антпесе билишпейт да этика,тамактануу маданиятын.Кырк жыл ачка кармап анан кое бергендей болуптурго ,тооба
04.03.2019. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+43
Болгон Кыргызстандагы маданиятсыз,тарбиясыздын баарын чогултуп кетишкен го.
04.03.2019. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
mishonia8077,инейстердиби
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: