super.kg logo

"Алган айлыкка окуу куралын алабызбы же үй-бүлөбүздү багабызбы?". Мугалимдер айлык акынын көтөрүлбөй жатканына нааразы

 

Өткөн дем алыш күндөрү мугалимдердин айлык акыны көтөрүү тууралуу билдирүүсү WhatsApp аркылуу таратылган. Кайрылуу Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын атына жазылган.

Анда "мектептеги мугалимдердин материалдык абалынын төмөндүгү окуучулардын алдында даражасын түшүрүп, жакшы билим берүүгө эмес, башка жактан акча табууга, алагды болууга алып келүүдө. Материалдык жактан койгула моралдык жактан басым, башкача айтканда, "окуучуну урушпа", "ээн эркин кой", "начар баа койбо" деген талаптар болот. Мугалимдер окутуу-методикалык куралдар менен камсыздоо жагынан да жардам алышпайт. Бат-баттан келген текшерүүлөр бар. Мугалимдер формалдуу отчётторду жазуу, ар кандай мааракелерге карата сүрөт чыгарып, видео жасоо, район-облустарга бокс-файлдарды жөнөтүү менен алек" деп жазылган.

Кайрылуунун сүрөтү менен кошо мугалимдин сүйлөгөн сөзү аудио түрүндө дагы тараган. Анда март айында мугалимдердин айлык акысы көтөрүлбөсө тынчтык митингине чыгуу жөнүндө сөз болгон. Бул боюнча Жети-Өгүз райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Гүлзат Абдыкадырова төмөнкүлөрдү билдирди.

"Кайрылуу тараган күнү УКМКнын райондук бөлүмү тарабынан маалыматтар текшерилген. Кайсы мугалим сүйлөгөнү аныкталган. Андан соң райондук администрация башчысы, социалдык блок боюнча акимдин орун басары, мектеп директорлорунун катышуусунда чогулуш болуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Кайрылуулар дагы мыйзам чегинде болушу керектиги айтылды. Директорлор өз учурунда мугалимдер менен сүйлөшүү иштерин жүргүзүштү. Мугалимдерге Эмгек кодекси жөнүндө маалымат берилди. Тараган кайрылууга эч ким кол койгон эмес эле. Эми мугалимдер мыйзам чегинде жергиликтүү бийликке кайрылуу жолдогону жатышат", - деди Гүлзат Абдыкадырова.

Ал эми Ош облусунун Өзгөн районундагы мектептердин биринин мугалими да айлык акынын аздыгы тууралуу айтып, канцелярдык товарларды сатып алууга да көп каражат кетерин билдирди.

"Мугалимдердин айлык акысы аз, иштөөгө шарты жок. Ноутбук пайдаланууга мүмкүнчүлүк көбүндө жок, кагаз иштери көп, класстык, тарбиялык журналдар класс жетекчилерине сатылат. Мындан сырткары майда, бирок каражатты талап кылган чыгашалар бар. Акыркы методдор менен сабак өтүү үчүн ноутбук керек, кызыктыруу үчүн чоң көлөмдөгү кагаздар, маркер, скотч, клей, стикер алыш керек. Баарынын баасы 30 сомдон 50 сомго чейин. Эми талдап көрүңүздөр, жогорку билимдүү жаш мугалим берген сабагынын сааты 18-20га жетсе айына 5 000-6 000 сом айлык акы алат. 5-10 жыл тажрыйбасы мугалимдер 8700-9000 сом алат. Бул акчаны мугалим сабак өтүүгө жумшайбы же балдарын багып, кийим-кечесине жумшайбы? Билим берүү министрлигинин айлык акынын эң азы 13 000 сом дегени - бул жомок. Мамлекеттик кызматтагы жетекчилер жалган айтып, биздин укугубузду коргобой, кайра тебелеп жатышпайбы", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(10)
06.03.2019. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мектеп мугалимдеринин айлыгы чындыгында эле аз.
06.03.2019. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Менин женем мугалим 6000 сом айлык алат
07.03.2019. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бизде бир эле чиновник 10-15 мугалимдин айлыгын алышат. Алсак кээр бир мектептерде 10-15 мугалим ишешет. Эсептеп корсок бир чиновник бир мектептин айлыгын толугу менен шыпырып алып жатат. Мына мен потриотмун дегендер ушул мугалимдер, врачтар учун куйгуло. Отуруп алып ар кимдин баскан турганын, кийген кийимин андыбай. Айтайын дегеним жанагы оздорун 40 чоро деп атап алган жасалма патриотторду срочно камап салгыла. Элге эч жакшылыгы жоктор.
zhaku2017 түзөттү 2019-03-07 00:49:07
07.03.2019. 01:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин айлыгым 3500сом.Портфолио даярын сатып алдым 1500дон ашык кетти.Кошумча кагаз чыгаруу,сабакка даярдануу балээдей эле акча кетет.
07.03.2019. 04:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Силер башкага айтып алыпсынар тиги кишиге айткыла да пенсияны 11 мин айлыкты 26 кылам деген го,акыры ошону шайлагандырсынар.
07.03.2019. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мына мен 2700сом алып,эки жылдан бери иштеп жүрөм.ЖОЖго короткон кайран гана убактым деп наалыгым келет...Бирок,кыпындай болсо да өзүмө,өзгөлөргө пайда келтирип жаткандырмын деп каниет кылам.
07.03.2019. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мектепте 20 саат менен иштесең 6000 айлык аласың. 1 сабак үчүн 2 саат даярданасың, завучтар аркаңан кууп алат портфолиоң кана,көргөзмө куралың кана деп. Анан ортодо дагы бирөөнүн 100 жылдыгы, бирөөнүн 150 жылдыгы боло калат, ага акча коротуп дубал газеталарды жасайсың. Анан бир майрам боло калат, ага акча коротуп дагы бир нерсе жасайсың. Мен мугалим болуп аз эле иштесем да уже көңүлүм калды мугалимдиктен, менин жалгыз башыма айлыгым жетчүү эмес,ошол айлык менен үй бүлөө багып аткандарга рахмат.
07.03.2019. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Анда эмне үчүн шайлоодо бутуңар жерге тийбей бийликтин талапкери үчүн жүгүрөсүңөр? Чала болот дегим келет.
07.03.2019. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Jarma, Жыргаганынан чуркап жатыптырбы? Директор завучтар барасың, кыласың деп эле мойнуңа коюп коет. Аларды да мажбур кылышат жа ошого
07.03.2019. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынында мугалимге кыйын. Мен Кыргызстан онолот деген умут менен 23жыл иштедим. Онолбоду. Же айлык жогорулабады. Дагы умут менен иштеп жатам. Кайран омурумдун жарымы кетти.Эгерде дагы ушунча жашасам. Кээде Кыргызстанды оной албай, кендерди башка мамлекетке ит арзан саткандарды просто жеп салгым келет. Озубуз неге иштете албайбыз. Эми эл калды сатпаганынар. Кыргызстандын балдарын колдон келишинче окутуп жатабыз. Айлыкты которбосонор митинг эмес иш деле таштайбыз. Мыйзам жолу менен албетте
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: