ЭЛДИК КАБАР: "Ошто турак үйдүн жанында унаа оңдоочу жай ачылып, жашоочуларга тынчтык жок" дейт окурман
"Ошто адамдар жашаган турак үйгө жакын жайгашкан унаа оңдоочу жайдан жумушчулар иштегенде тарсылдатып темир-тезек ургулап тынчтык беришпейт. Мындан улам мэрия эмне үчүн адамдар жашаган үйлөргө жакын жерде унаа оңдоочу жай ачууга уруксат берет деген ой жаралат". Мындай маалыматты окурман "ЭЛДИК КАБАРГА" билдирип, буларды айтат.
"Оштун Кирпичный районунун Мамыров көчөсүндөгү аялдаманын жанында унаа оңдоочу жай ачылган. Ал жерге күнүгө ар кандай оор жүк ташуучу жана жеңил унаалар келет. Унаа оңдоочу жай аялдаманын жанында курулгандыктан кардарлар аялдаманын айланасына унааларын токтотуп салышып, маршруттук таксилер токтоп киши алууга мүмкүн эмес. Ал эми ошол жерде жашагандар үчүн күндүзү кечке тынчтык жок. Тарсылдатып темир-тезек ургулап, кесип, ширетүү иштерин жасашат. Жаш балдарды түштө уктата албай кыйналабыз. Таң атпай иштерин башташат, эс алууга да мүмкүн эмес. Мэриянын тиешелүү бөлүмдөрү текшерүүгө алса жана ушундай ызы-чуулуу жайлардын калк жашаган аймактарда курулуп, иштеп жатышына канчалык деңгээлде мыйзамдуулугу бар?", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.
Эл жашаган турак үйдүн жанында жайгашкан унаа оңдоочу жайдан ызы-чуу үндөр угулат






Бирө бир иш баштаса сөзсүз аны артка тартыш керек, айыбын чукуп чыгыш керек
Бизде ушундай да, эл айтат, эл не дейт деп көп иштерди кыла албай эле калып кетебиз
Бир жолу кошунабыз машина алып, элди чакырып бата алган, келген эл "кантип алыптыр, кредит алыптырбы,"ой бул нашаа менен иштейт экен" ж.б, таң калгам , не деген элбиз деп