super.kg logo

Баткенде эмдөөдөн өткөн мектеп окуучулары ооруканага жатып калышты. Дарыгерлер катачылыкка жол беришкен

 

Баткен шаарындагы №3 мектептин 5-б классында окуган окуучулары эмдөөдөн өткөн соң ооруканага жатып калышты. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Республикалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысова кабарлады. Анын айтымында, дарыгерлер эмдөө учурунда катачылыкка жол беришкен.

"Биздин буйрукка ылайык, 11 жана 16 жаштагы балдар мектептен кептөөр жана селеймеге каршы эмдөөдөн өтүшөт. Бүгүн пландын негизинде №3 мектептин 5-классында окуган окуучулар эмдөөдөн өткөн. Бирок саат 16:30 чамаларында 5-б класстын эмдөөдөн өткөн окуучулары ооруканага кайрылганы боюнча маалымат келип түштү. Бул жерде дарыгерлер катачылыкка жол беришкен. Эгерде вакцинадан катачылык кеткен болсо, бардык балдар ооруп калышмак. Бизге берилген маалыматка караганда, дарыгерлер ошол 5-б класстын балдарын бир класска киргизип алып эмдөөдөн өткөргөн. Ошол учурда балдар бири-бирин көрүп коркуп кетишкен. Жыйынтыгында бир окуучунун кан басымы 140ка чыгып кетсе, бир кыздын талмасы кармап калыптыр. Азыр балдар ооруканага жеткирилди. Эртең үйлөрүнө чыгарылат", - деди Ишенапысова.

Ишенапысова кошумчалагандай, дарыгерлердин катачылыгына байланыштуу комиссия түзүлүп, териштирүү иштери башталды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
09.04.2019. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Беешинчи б кыласста болгон экен
09.04.2019. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азыркы замандын балдары эптеп эле ысык жандары бар. Интернеттен шумдуктун баарын көрүшкөнү менен, турмушта назик, ак кол
10.04.2019. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кептоор,селейме дегени эмнеси,кандай тушунсо болот? Кыргыздарда ушундай создор барбы? Биринчи жолу угушум.
10.04.2019. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Colombiana,ооба бар селейме столбняк на русском
10.04.2019. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Университетти акча м-н бүтүргөндүн пайдасы акмактар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: