super.kg logo

"Амир Аскаров сындаганды коюп, ошонун деңгээлине жетип алсын". "Кеңеш" тобу менен ырчы Амир Аскаровдун чыры

 

"Кеңеш" тобу менен Амир Аскаров социалдык тармак аркылуу бири-бири менен кайым айтышууда. Алардын мындай пикир келишпестигине ырчы Амир Аскаровдун маеги себеп болгон. Тагыраагы, ал жергиликтүү маалымат каражаттарынын биринде маек берип жатып "Кыргыз шоу-бизнесиндеги кайсы музыкалык топ жакпайт?" деген суроого "Кеңеш" тобу деп жооп берген.

"Кеңеш" тобу маектин ошол жерин кесип алып социалдык тармакка жүктөп, өздөрүнүн оюн калтырган.

"Бул жигит ырчыбы, ким экенин билбейбиз. Бирок ушул видеону кыздар "сиздин оюңуз кандай?" деп жиберишиптир. Амир Аскаров, бир акырдан жем жейбиз. "Карга карганын көзүн чукубайт" дечү эле кыргызда. Биз сени эми көрдүк. Ырчы болсоң кулагыңа түйүп ал. Мүзүр Мамбетов "Кеңеш" тобунун жетекчиси, көптөгөн кыргыз элинин жүрөгүнө жеткен 50дөн ашык ырларды жаратты. Сахнага чыгып ырдаганыбызда эл кошо ырдады. Концерттерибизде эл батпай калган. Элдин тойлорунда кызмат кылдык. Кичинекей талантыбыз менен эл, жерди көрдүк. Бирок сага окшоп көз айнекти тагып алып орус эмес же кыргыз эмес болуп бирөөнү жагат, жакпайт деп сындабадык. Ойлонуп сүйлө, эртең эле ассалому алейкум деп сахнадан кезигип калабыз. Жакпасак ичиңе сакта, бир тууган. Булар жакпайт десең эле популярдуу болуп кетпейсиң", - деген.

Бул билдирүүдөн кийин Амир Аскаров дагы өзүнүн оюн интернеттеги баракчасына жазып чыкты. Анда ырчы: "Легендарлуу топтун жетекчиси Мүзүр, мен таанымал эмес жигит болсом, анда менин деңгээлиме эмнеге түшүп жатасыңар? Мен өзүмдүн жеке оюм менен бөлүшө кетейин. Адамдар баарына эле жага бербейт. Жагайын деп аракет дагы кылбайм. Анткени мен Амир Аскаровмун. 10 жылдан бери сахнада жүрсөңүздөр, анда сиздерди кезиктирбептирмин. Мындан кийин дагы кезикпейбиз деп ойлойм. Менин өзүмдүн угармандарым, силердин өзүңөрдүн угармандарыңар бар. Жеке оюм дагы бар.

Мен силер аркылуу өзүмдү пиарлап жатат десеңер тынчтангыла. Мен өзүмдүн чыгармачылыгыма 100 пайыз ишенимдүүмүн. Кимдир бирөөлөрдү мазактап хайп жаратуу мага кызыксыз. Мени түшүндүңүздөр деп ойлойм. Чыгармачылык ийгилик!" - деген.

SUPER.KG порталы окуя боюнча "Кеңеш" тобунун ырчысы Гүлмира айымга байланышып, төмөндөгүдөй жооп алдык.

"Негизи мен Амир Аскаровду тааныбайм. Мүзүр атын эле угуп жүрчү экен. Биз видеону чогуу көрдүк. Бирок социалдык тармакка мен чыгарып, ырчыларды эл таразалап, эл сындай турганын жаздым. Бизге деле жаккан, жакпаган ырчы бар. Бирок эл адамы болгондуктан андай ойлорубузду ичибизде калтырып, коомго чыгарбайбыз. Улуу сахнанын канчалаган кыйындары айтпаган сынды кечээги эле бала айтып чыкты. Ошондон улам бири-бирибизди сындаганды токтотолу деп эле айткым келген. Амир Аскаров журналист берген суроого жооп бердим, кечирип коюңуз дегендин ордуна кайра кайым айтышты. Ал буга чейин Дайыр Исмадияровду сындаптыр. Мен Амирге айтар элем, биринчи Дайырдын деңгээлине жетип ал", - деди топтун ырчысы.

Ал эми Амир Аскаров музыкалык топту мазактабаганын, болгону жеке ою менен бөлүшкөнүн айтат.

"Мен "Кеңеш" тобу жакпайт деп койгонум үчүн кечирим сурашым керек бекен? Ырчылар элдин катарына кирбейби? Мен ал жерде болгону берилген суроого жооп берип, өзүмдүн оюм, позициям менен бөлүштүм. Ал жерде топту жамандап же сындаган жокмун", - деген оюн айтат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(46)
18.07.2019. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+37
Кенеш тобу Кыргызтанда 10 алдынкы топко кирет ырлар
18.07.2019. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+47
Амир Аскаровду эл тааныйбы өзү?
Кеңеш тобунун денгээлине жетип алып анан сүйлөсө болмок!
18.07.2019. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+39
Жаниндин эркеги чыгыптырда.
Бул ХХХХ ким
Модератор admin_portal түзөттү 2019-07-18 16:34:18
18.07.2019. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-29
Жакпайт десе эле чычалап чыгышты го.ал десе элдин баарына жакпай кала тургансып.нары да чыгармачылыгынарды улай бергиле.эл таразалайт
18.07.2019. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+34
Кенеш тобун таныбаган кыргыз жок болсо керек.Мына ХХХХ ким угат экен.Аты жыты жок ушуга окшогон ырчылар озун Рыспай Абдыкадыров сезип алышат да
Модератор admin_portal түзөттү 2019-07-18 16:34:02
18.07.2019. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+38
Менин ырларымды уккан угармандарым бар депсин. Ачыгын айтсам өзүңдүн ырыңды өзүң укканыңада шегим бар
18.07.2019. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+27
Бул Амир Аскаров ким бул ырчыбы, ким болсода өзүнүн жаман сапаты менен пиар кылайын деген окшойт.
Ал эми «Кеңеш» тобунун ырлары эң сонун.
18.07.2019. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Амир опять в своем репертуаре...бир жылда бир озун пиарлабаса эл аны вообще эстебейт деле да озу...Чолпон менен бир ыр ырдап кичине корунгонсуду эле...эл уга турган ырлары барбы озу...мен тан калбайм деле алардын кайым айтышуулары улана турган болсо соц.сетте....Гулмира эми аялкиши а Амирди билбей калдым...
18.07.2019. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Мага Кенеш дагы Амир дагы жакпайт.
18.07.2019. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Дайыр вообще жакпайт
18.07.2019. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-14
Жакпайт деп өзүнүн оюн (мнениесин) айтты да. Ар кимдин вкусу ар башка. Ушунча ызы чуу кылып кереги бар беле. Гулмира деген дайыма эле урушуп жүрөт. Инстада көп кором. Подписчиктери менен деле уруша берет. Экөөнүн угармандары эки башка да
18.07.2019. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
Балким экөөнүн биргелешип кылган пиары болушу мүмкүн?!
18.07.2019. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Амир Аскаров бул ким? ырчыбы же ХХХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2019-07-18 16:27:50
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: