super.kg logo

Президент Кыргыз-Орус жаш лидерлери форумунун катышуучулары менен жолугушту

 

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз-Орус жаш лидерлери форумунун катышуучулары менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчы Орусиянын президенти Владимир Путиндин 2019-жылдын март айындагы Кыргыз мамлекетине сапарында Кыргыз-Орус жаштарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселеси да талкууланганын эске салды.

Президент жаш лидерлердин форуму эки өлкөнүн жаштарынын мындан аркы кызматташтыгы үчүн мыкты негиз болоруна ишеним билдирди.

"Бизди Орусия менен тарыхый достуктун, союздаштыктын жана өз ара урматтоонун бекем салттарына негизденген ишеничтүү мамилелер байланыштырып турат. Орусия - биз үчүн жакын, ишенимдүү жана стратегиялык өнөктөш. Биз Орусия менен бирге алга жылгыбыз келет, өлкөлөрүбүздүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн биздин мамилелерди өркүндөткүбүз жана бекемдегибиз келет", - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Жолугушуунун соңунда бирге сүрөткө түшүп, форумдун катышуучулары президентке символикалуу белектерди тапшырышты.

Форум өз ишин 25-июлда Бишкек шаарында баштап, 30-июлга чейин Чолпон-Ата шаарында уланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
28.07.2019. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Элдерге пайдасы тийген нерсени кылсаңар,эмне Москва масалани чечип калганбы. Тезирек Атамбайдын сериялын бүтүргүлө аны эркелете бербей. Элдер сотко барат,Атамбай эмне ак бекен же закон Атамбайга башкачабы.
28.07.2019. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
senchi,Болду уже Атамбаевди карай албайт. Путин аталары чакырып экөөнүн тең көтүнө уруп жөнөттү да жөн ойногула деп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: