super.kg logo

Депутат жайыттарды инвентаризациялоого зарыл делген каражатты республикалык бюджеттен бөлүп берүү керектигин айтты

 

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинде келерки жылга карата республикалык бюджеттин долбоору каралды.

Финансы министринин орун басары Алмазбек Азимов жана башка тиешелүү мамлекеттик мекемелердин жетекчилери катышты.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик бюджеттин кирешесинин 2020-жылга жалпы көлөмү 183 миллиард 708 миллион сом суммада болжолдонгон. Ал эми республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 163 миллиард 710 миллион сом суммасында каралууда. Келерки жылга республикалык бюджеттин чыгымдарынын жалпы көлөмү 173 миллиард 663 миллион сом деӊгээлинде белгиленген. Ошентип 2020-жылга республикалык бюджеттин таӊсыктыгынын жалпы көлөмү 9 миллиард 953 миллион сомду түзгөн.

Жыйын жүрүшүндө депутат Мирлан Бакиров айыл чарба тармагын өнүктүрүү боюнча Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министрлигинде конкреттүү иштер жүрбөй жаткандыгына токтолду. Анын айтымында, өнүктүрүү маселелеринин баары каражатка барып такалып жатканда, депутаттар каражат булактарын көрсөтүп, ар кандай сунуштарды берип жатса дагы министрлик анализ жүргүзүп, иш кылбай жатат. Эл өкүлү ага бир мисал катары асылдуулугу төмөн жерлерге бак-дарак эгүүгө уруксат берүү боюнча мыйзам долбоорун демилгелегендигин, долбоор каралып жатканда бардык тараптар колдоого алганы менен тилекке каршы, мыйзам долбооруна каршы пикир келгендигин айтты. Бакировдун билдиришинче, бул багытта министрлик бир көз карашты карманып, саясат жүргүзө албай жатат. Ошондой эле ал республикалык бюджеттен жайыттарды инвентаризациялоого зарыл делген 20 миллион сомду бөлүп берүү керектигин кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: