"Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын башчысынын орун басары: "Электр энергияны пайдалануу боюнча лимит энергетикалык системди көзөмөлдөө үчүн баланс катары керек"
"Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын башчысынын орун басары Абдылда Исраилов ар жылда күз-кыш мезгилине карата даярдык алдында өкмөттүн токтому чыгарын айтты. Бул тууралуу ал "Биринчи радиого" маек берип жатып билдирди.
Анын айтымында, токтомдо электр энергиясын пайдалануу боюнча лимит коюлат. "Коомчулук бул лимитти өзүнчө чектөө катары кабыл алышы мүмкүн. Бирок эч кандай чектөө киргизилген жок. Жергиликтүү бийлик жана энергетикалык компаниялардын жетекчилери тарабынан ар бир аймактарда көзөмөл болуш керек. Бул нерсени чектөө деп эсептеген болбойт. Бул жылы Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 17 миллиард 200 миллион метр куб, биз кышында 6 миллиард метр куб суу колдонобуз. Электр энергияны пайдалануу боюнча лимит энергетикалык системди көзөмөлдөө үчүн баланс катары керек", - дейт ал.









1 |