super.kg logo

Өлкөдө коронавируска байланыштуу жагдайды көзөмөлдөө боюнча ыкчам штаб иш алып барууда

 

Өлкөдө коронавируска байланыштуу жагдайды көзөмөлдөө боюнча ыкчам штаб түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ыкчам штабдын курамына Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана бир катар тийиштүү мамлекеттик органдардын адистери кирген. Ыкчам штабдын мүчөлөрү Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлдөрү менен туруктуу байланышта болуп, алар менен ыкчам маалымат алмашып турушат.

"Бүгүнкү күнү өлкөдө Кытай аймагында чыккан коронавирус учурлары катталган жок. Ал дем алуу органдарын, ашказан, ичеги-карын жана нерв системин жабыркатат. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 2019-жылдын декабрынан тарта жаңы вируска чалдыгуунун биринчи учурлары катталгандан бери адистер тарабынан тийиштүү алдын алуу жана даярдык көрүү иштери жүргүзүлүүдө. Коронавирусту өлкөгө алып келүүгө жол бербөө жана Кыргыз-Кытай мамлекеттик чек арасынын бардык өткөрмө-көзөмөл жайларында, Бишкек жана Ош шаарларынын аэропортторунда оорунун белгилерин өз убагында аныктоо максатында вирустун болушун текшерүү үчүн дене табын өлчөгүчтөр орнотулду. Санитардык-карантиндик пункттун адистери дене табын өлчөгүч менен Кытай Кыргыз Республикасына жана үчүнчү өлкөлөргө келгендерди текшерүүдө. Жугуштуу оорулардын республикалык ооруканасында республиканын аймагынан коронавируска чалдыккандар аныкталган шартка үч палата даярдалган. Дарыгерлер үчүн зарыл болгон коргоочу каражаттар сатылып алынды. Бул чаралар аталган вирустан жабыркагандарды башка бейтаптарга аралаштырбоо максатында көрүлүүдө. Ошону менен бирге адистер коронавирусту буюмдар, мисалы почта менен жиберилген нерселер аркылуу жуктуруп алуу мүмкүндүгүн ырасташпайт", - деп жазылат маалыматта.

Кытайда чыккан коронавирус тууралуу бардык кабарларды окуу үчүн ушул шилтемени басып өтүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
26.01.2020. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Кыргызстанда катталыптырго.ошол больницада иштегендерди кол койдуруп эч кимге айтпагыла деп коркутуп жатыптырго
26.01.2020. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
AksyKum, Эми жазат десе эле кайдагы бир ушактарды дагы жаза бересинби ?
26.01.2020. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
AksyKum, жамбашыны кысчы.
26.01.2020. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
AksyKum, сен карап турдунбу?
26.01.2020. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AksyKum, Оозуна кара таш. Оттой бербе тууган!
26.01.2020. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Bayjigit83,озуно таш
26.01.2020. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Границаны жапкыла да, ансыз болчу беле.Ал бизге жетсе колубуздан эч нерсе келбей калат. Кытайда өздөрү шаарларды жаап жатышат .
26.01.2020. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул Кытайлар козу коргондо жей берип балекеттин баары ушулардын чыгат экенда! Жаныбарларда коркунучтуу оору коп болот балекеттин баарын жеп оздору гана кырыла турган болсо ошондо жебей кала беле! Кыргыз элимди ооруу кырсыктан сактасын.
26.01.2020. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
кудай сактасын апаат келсе тез эле кырылып калат эл
26.01.2020. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошон учун Аллах арам адалды ажыргатып берген.арамды жегендердин оздорунунун башына корунсун
26.01.2020. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ватсаптан аудиолор укпай жатасынарбы эмне
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: