super.kg logo

Эми автоунаалар өзүбүздүн өлкөдөн чыгат! Ошто Борбор Азиядагы эң ири завод курулууда

 

Кыргызстанда ички жана тышкы миграция күч алып, жумушсуз жаштардын саны өсүп жаткан учурда өлкөбүзгө чоң завод-фабрикаларды куруу, жаштарды иш менен камсыз кылуу негизги маселе болуп саналат.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жакында түштүк борбордо заманбап машина куруучу завод ишке кирерин маалымдады.

“Бул ишкана Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан берки биринчи машина куруучу завод болуп эсептелинет. Завод Европанын заманбап жабдыктары, техникалары менен жабдылат. Бул заводдо энергетикалык жабдыктар – гидротурбинал, генераторлордун ар кандай түрүн чыгаруу пландалууда. Андан тышкары, бул компаниянын жетекчиси Нурбек Осмоновдун сөзүнө таянсак, келечекте электромобилдерди чыгаруу пландалууда”,- деди Сарыбашов.

Ал бул өндүрүш ишканасы 3 гектар жерди ээлей турганын айтты. “Андан чыгарылган өндүрүш өлкө ичинде эле эмес, өлкөнүн сыртына да керектелерине үмүт бар. Андан тышкары, бир нече жаңы жумушчу орундары түзүлөт. Ушул ишкананын курулушуна абдан көп күч жана каражат жумшаган “Каганат инвест” холдингинин жетекчиси Нурбек Осмоновго терең ыраазычылык билдиребиз!” - деди шаар башчысы.


Заводду "Кыргыз унаа курулуш" компаниясы куруп жатат. Бул “Каганат инвест” холдингине караштуу компания болуп эсептелинет. Заводдогу иштөө процесси максималдуу автоматташтырылган, Европадан жогорку квалификациялуу адистер чакырылат. Чет өлкөдөн келген эскилиги жеткен автоунааларды сатып алгандан көрө, өзүбүздөн чыккан өндүрүштү колдоп, жаңы, заманбап техникаларды, унааларды сатып алганыбыз алда канча ыңгайлуу.

Бизде биринчи жолу машина жана техникалык жабдыктарды кура турган завод түптөлүп жатканы кубанычтуу. Оштогу ал заводдун биринчи этабы курулду. Курулуп жаткан заводго өтө кымбат баалуу, сапаттуу жабдуулар келип жатат. Ал ишкананын эң башкы багыты – бир гана автоунааларды эмес, станокторду да чыгарышат. Бул заводдун курулушун Борбор Азияда биринчи жолу ишке ашырылып жатканын мамлекеттик долбоор катары бааласак болот. Мисалы, жеке ишкер ишкана ачып, ага техникалык жабдыктар керек дейли, маселен, чөп таңгактагыч чыгарчу завод курганы жатат. Ал үчүн станок керек да. Ошол станокторду ушул завод чыгарып берет. Дагы бирөө велосипед чыгаргысы келсе, аларга велосипед чыгарчу станок даярдап берет. Ошондуктан, Кыргызстанда мындан башка да завод-фабрикалар ачылып, иштеп кетиши үчүн бул завод аларга техникалык жактан абдан жакшы мүмкүнчүлүктөрдү бере алат.

Азыр биринчи этапта “Ниссан” компаниясы менен бирдикте автоунааларды, электромобилдерди, электр эсептегичтерди, турбогенераторлорду чыгарат. Кичи ГЭСтерди курууга кызыккан ишкерлер турбогенерторлорду ошол өзүбүз чыгарган заводдон алса болот.

Чындыгында, азыркы тапта Кыргызстанда кичи завод-фабрикалар бар. Алардын көпчүлүгү станок, техникалык жабдыктарды чет өлкөдөн же Кытайдан алып келишет. Эгер бул завод курулуп калса, техника-жабдыктарды алуу үчүн чет өлкөгө барбай эле, өзүбүздөн чыккан өндүрүштөн сатып алса ыңгайлуу жана бир топ каражатты, убакытты үнөмдөй алышат.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 11 
Комментарийлер(57)
30.01.2020. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Жакшы жанылык
30.01.2020. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Ушундай жакшы жанылык көп болсо экен.
30.01.2020. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Айланайын Оштуктарым аябай эмгекчилбизда
30.01.2020. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Таалайбек акебиз жакшы иштеп жатат.
30.01.2020. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
буйруса келечекте завод фабрикасы көп өнүккөн өлкөгө айланбыз Шарипович баарын өзү иретке келтирип жатат
30.01.2020. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Аябай кубанычтамын , ишинерге ийгилик . Бизде кукурт чыгаргандан башка завод болоруна ишенип калдым
30.01.2020. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Мына жанылык деп ушуну айтса болот.
30.01.2020. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
окуп алып суйунгонундон ыйлагын келетко мындай жанылыктарды онуксун кыргызстаным
30.01.2020. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Аябай сонун жаңылык. Эми ишке кирип өлкөбүздө унаа чыкса кандай сонун болот эле.
30.01.2020. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Конкурентно способный болуш учун баасын да козомолдош керек а то баяагы эле Кытай менен Россиядан алышат.а так эгемендуу Кыргызстандын тарыхында эн жакшы жанылык буюрса!
30.01.2020. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Оомееей. Чын элеби? Абдан ишенгим келет. Фантастика эмеспи? Ушул жазылгандар чын болуп ишке ашсын.
30.01.2020. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Aimani,кудайга шугур.
30.01.2020. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
жакшы жанылык, ылайым ар бир областка курулса экен!
30.01.2020. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Жакшы жанылык бул чын ошто биздин айылда курулуп жатат Южныйда
30.01.2020. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Эң сонун жакшы жаңылык экен.Кыргызстаныбыз Ошубуз өнүгүп өссүн.Анан да коррупция жеп ичкилик кылбай таза иштегиле туугандар.Бизде чоңдор министр депутаттар баса калып менчиктеп алышчу эле ушундай ишканаларды,эми эл мекен үчүн иштейли туугандар.
30.01.2020. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Чындап эле ачылып жатат машина завод,Постоянно эле алдынан коруп отобуз,буюрса баары жакшы болот
30.01.2020. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Сонун жанылык, эми баасы жана сапаты да мактоого татыктуу болушуна тилектешмин, ишинерге ийгилик, азаматтар!
30.01.2020. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+30
Жалан эле ичтижедикачты жанылыктарды окуй берип эми бул жанылыкты мээм принимать этпей кыйналып атат, койчу эй чын элеби деп..
30.01.2020. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
al-abu-kinesz,))
30.01.2020. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жумушка кантип орношсок болот? Менин кесибиме дал келет экен! Бул жагынан кесиптуу элем. Резюме ни кайда берсек болот? Кайсыл адреске? Жэ Нурбек Осмоновко кантип байланышсам болот?
30.01.2020. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Taalaibek.,Мэрияга отунуз
30.01.2020. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
kechirmeni,Таалайбек Таалайбекке отунуз деп койгула:)
30.01.2020. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Taalaibek.,1000$
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: