2 суткада Кытайдан 42 адам Кыргыз өлкөсүнө келди. Алардын 18и Кытай жараны
Бүгүн, 30-январга карата Кыргыз өлкөсүнүн аймагында коронавирус оорусу менен жабыркагандар жок. Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан 10 миңден ашуун жаран санитардык-карантиндик текшерүүдөн өткөнүн кабарлашты.
"Санитардык-карантиндик пункттан жалпысынан 14 миң 445 жаран текшерүүдөн өтүштү. Ал эми Кытайдан Кыргыз өлкөсүнө 28-29-январда 42 жаран келди. Алардын 24ү Кыргыз жарандары, 18и Кытай жарандары. Кытайдан келгендердин баары термосканер аркылуу тийиштүү медициналык кароодон өтүшүп, вирусту алып жүрүүчүлөр катталган жок", - деп билдиришет маалымат кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
-1

Мына көк мээлер жаппайбы чек араны ооздорун ачып дөлдүрөбөй.
Болгону 5миллионго жетпеген эл калды Кыргызстанда.Калганы талаалап кетишти.
Акмактар!
Ошолор берип өткөн акчага эртең кыргыз элинин бир жараныны өлүмүнө себепкер болуп калышыңар мүмкүн.Ушунчалык да ач көз,пас адам болосуңарбы.Медициналык көзөмөлдө дейсиңер,медицинаңар мышык ыйлай турган абалда экени баарына белгилүү.Силер коронавирусту кой,ооруга туура диагноз коё алышты билесиңерби көк мээлер!
Биздикилер чек араны жаба албайт акчасын алган же болбосо крышалары чон кытайлар