Бишкекте мас болушуп, айдоочуну сабагандардын бири Өзбекстандын КРдагы элчиси болуп чыкты
22синен 23-августка караган түнү Бишкекте автокырсыкка кабылып, анан окуяга катышкан Жигули автоунаасынын айдоочусун сабаган өзбек дипломаттарынын арасында Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Комил Рашидов бар. Муну укук коргоо органдары билдиришти. Окуянын күбөлөрүнүн айтымында, Москва-Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде CMD 111 номурлуу, кара түстөгү Тойота Прадо унаасы унаа токтотуучу жайдан катуу чыгып Жигули унаасын сүзгөн. Тойотадан түшкөн дипломаттар улуттук ар намыска шек келтирген шылдыңдоо сөздөрүн айтышып, Жигулинин айдоочусун сабашкан. Мушташты көргөн ал жердеги таксисттер дипломаттарды токтотууга аракет кылышып, милиция чакырышыптыр. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери келгенде Өзбекстандын КРдагы элчилигинин кызматкерлери дипломатиялык статусуна таянышып, мыйзам чегинде иш жүргүзүүдөн баш тартышты. Алар дипломаттардын биринин туулган күнүн белгилеп келе жатышыптыр, көрсө. Учурда укук коргоо органдары процессуалдык иш-чараларды жүргүзүүдө. Өзбекстандын КРдагы элчилиги бул окуя боюнча расмий билдирүү жасай элек.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
-2

кайдыгер болуп калды
озбектер аявай еле гопту
кыргыздар озбекче суйлой
башташты тооба. Аллахым озун елибизге патриотчулукту берсин элибизди, жерибизди сактайлы Кыргызым
Кызстанда адилеттуу сот жок!Азыр сотторду 1 табак аш менен алдап койсон сеники!
Сунушуңузду аткарууга аракет кылабыз.