super.kg logo

Мамлекеттик орган, мекеме, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары үчүн иш күндөрү белгиленди

 

Мамлекеттик органдар, мамлекеттик мекемелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары үчүн иш күндөрү белгиленди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Мамлекеттик органдар, мамлекеттик мекемелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары үчүн 2020-жылдын 22, 28 жана 29-марты, 4, 5, 7, 11 жана 12-апрели иш күндөрү деп белгиленди. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Учурдагы кырдаал мамлекет жана мамлекеттик бийлик органдары тарабынан тиешелүү чараларды көрүүнү талап кылат. Көрсөтүлгөн чараларды аткаруу үчүн тийиштүү башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу жана анын ичинде эс алуу жана майрам күндөрү аларды ишке ашыруу талап кылынат. Ушул буйруктун тиркемесинде көрсөтүлгөн мамлекеттик органдардын, мамлекеттик мекемелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери Кыргыз Республикасынын эмгектик укук мамилелерин жөнгө салуучу мыйзамдарына ылайык көрсөтүлгөн иш күндөрүндө иштөөчү кызматкерлердин тизмесин аныктоо тапшырмасы берилди. Муну менен катар Кыргыз Республикасынын бюджеттик мекемелерди тейлеген коммерциялык банктарга 2020-жылдын 22, 28, 29-мартын, 4, 5, 7, 11, 12-апрелин иш күндөрү деп жарыялоо, Кыргыз Республикасынын эмгектик укук мамилелерин жөнгө салуучу мыйзамдарына ылайык көрсөтүлгөн иш күндөрүндө иштөөчү кызматкерлердин тизмесин аныктоо сунушу берилди", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
21.03.2020. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кредит маселеси эмне болду ошондо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: