super.kg logo

Бет кабың жок болсо миң сом, эч себепсиз эшикке чыксаң 3 миң сом. Дагы кандай учурда сиз айып пул төлөп же эркиндигиңизден ажырашыңыз мүмкүн?

 

Борбор калаанын коменданты Алмаз Орозалиев кол койгон буйрукка ылайык бир катар учурлардан тышкары, өтө зарыл болбосо адамдардын жана жеке унаа каражаттарынын шаарда жүрүүсүнө бир катар тыюу салуулар киргизилди.

Кыргыз Республикасынын Тартип бузуулар жөнүндө кодексинин 82-беренесине ылайык, коомдук тартип боюнча милдетин өтөп жаткан ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбеген жеке жактар үчүн 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат.

Күндүзгү маалда үйдөн чыгып, өзгөчө абал режимин бузган учурда Кыргыз Республикасынын Тартип бузуулар жөнүндө кодексине ылайык (Ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткаруу тартибин бузуу жөнүндө 293-берене) жеке жактар үчүн 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат. Коменданттык сааттын эрежелерин бузган шартта жарандар милиция же аскердик күзөт тарабынан коменданттык саат аяктаганга чейин кармалат. Ал эми жанында документи жоктор аты-жөнү аныкталганга чейин 3 суткага чейин камалат. Кармалгандардын өздөрү, буюмдары жана унаа каражаттары текшерилиши мүмкүн.

Коомдук жайларда бет капсыз жүрүү жана башка аракеттерге Тартип бузуулар жөнүндө кодекске ылайык, жеке жактар үчүн миң сом, юридикалык жактар үчүн 5 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат. Дарыгерлерге, медицина кызматкерлерине, милиция, аскердик күзөткө карата коркутуп-үркүтүү, зомбулук көрсөтүү менен коркутуулар Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 355-беренесине ылайык IV категориядагы түзөтүү иштери же V категориядагы айып пул же I категорияда эркиндигинен ажыратуу менен жазаланат. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактарга карата өмүрү жана ден соолугу үчүн кооптуу эмес зомбулук көрсөтүү же өмүрү жана саламаттыгы үчүн кооптуу зомбулук көрсөтүү II категорияда эркинен ажыратуу менен VI категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

Карантин, обсервация режимдерин сактабагандык, дарылануудан качуу, ооругандыгы тууралуу маалыматты жашыруу жана башка аракеттердин кесепетинен адамдарга коронавирус жуккан шартта:

Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 127-беренесине ылайык, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди атайылап же абайлабай бузуу. Эгерде бул абайлабагандан ден соолукка анча оор эмес зыян келтирсе, белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы айып пул түрүндөгү (жашы жете электер үчүн – 15 000 сомдон 25 000 сомго чейин, башка жеке жактар үчүн – 30 000 сомдон 60 000 сомго чейин) жазага алып келет.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 280-беренесине ылайык санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди атайылап же абайлабай бузуу. Эгерде бул абайлабагандан массалык ооруга чалдыгууга, адамдардын уулануусуна же башка оор зыян келтирсе, белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан 2 жылга чейин ажыратуу менен, II категорияда эркинен ажыратуу (жашы жете электер үчүн – бир жыл алты айдан эки жыл алты айга чейин) менен VI категориядагы айып пул (жашы жете электер үчүн 80 000 сомдон 100 000 сомго чейин, башка жеке жактар үчүн 180 000 сомдон 220 000 сомго чейин) түрүндө жазага алып келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
31.03.2020. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
кыскасы кысып отургула дептир
31.03.2020. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ырас кылыптыр
31.03.2020. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Милиция эле жыргайт экен да шабашка таап
31.03.2020. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Карантин кылгандан кийин баарына тегиз кылбайбы.Кобу эле иштеп атышат продукта саткандар дарыканалар иштесе калганын жаппайбы.Бирин кочого чыгарбай камаганы менен калганы иштеп атышпайбы
01.04.2020. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Bars88,туура айтасыз жазгандарынызга 100 пайыз кошулам.Айрымдар дем алышсыз иштеп жатышат.трансспортторду токтотуп коюшту жумушка барыш учун кунуно 200 300 сом коротосун.карантин болгондон кийин баардык иш кана ишин токтотуш керекда.жумушка барбай койсон жетекчиликтен тил угасын
31.03.2020. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кыйын эле болот го эми оору басылганча дос, туугандан карыз алып продукту алып атып акча да азайып бартат. Эми кантем деп тун уйку качты.
31.03.2020. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Балдар жаш уйдо жалгыз озум иштейм семьямды багып, жумушум да токтоп калды. эл коргонду коробуз да эми деп кудайдан тилеп ушу кырдаалдан аман эсен чыгып кетсек деп тилеп отурабыз
31.03.2020. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Пожалуйста! Поделитесь! Контакты районных штабов
В столице круглосуточно работают городские и районные штабы. Они оказывают помощь людям, которые нуждаются в продуктах питания, лекарствах, уходе.

Дорогие горожане! Пожалуйста! Поделитесь информацией с вашими соседями. Пишите! Звоните нам в районные акимиаты или пишите на WhatsApp нашим заместителям глав районов по социальным вопросам:

Первомайский район: 661537, 0550 809383 Аида Рысбаева;

Ленинский рай
31.03.2020. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
algakaray, Эгер шаарда болсонуз байланышып корунуз. Админдер очуруп эле салбаса
31.03.2020. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тел ном жазып коюнуз жардам болуп калаар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: