super.kg logo

Биринчи вице-премьер: "Айрым айылдарда орнотулган посттор жазгы талаа иштерин жүргүзүүгө тоскоолдук түзбөшү керек"

 

Фермерлерге жазгы талаа иштерин жүргүзүү үчүн тийиштүү көмөктөр көрсөтүлөт. Бул туурасында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов республикалык ыкчам штабдын жыйынынын жүрүшүндө билдиргенин өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Анын айтымында, жергиликтүү бийлик органдары аталган маселеге көңүл буруусу тийиш.

"Дыйкандардын, айыл чарба техникасынын кыймыл-аракетине кыйынчылыктар жаралбашы шарт. Айрым айылдарда орнотулган посттор жазгы талаа иштерин жүргүзүүгө тоскоолдук түзбөшү керек. Бул маселени иретке келтирүү зарыл", - деди Кубатбек Боронов.

Ал тийиштүү кызматтар көчөлөрдү дезинфекциялоо боюнча ишин күчтөндүрүүсү зарыл экендигин белгиледи. Анын айтымында, Бишкек шаарындагы борбордук көчөлөр гана эмес, чет жакалардагы жаңы конуштар жана кичи райондор да тазаланышы зарыл. Жыш отурукташкан райондорго өзгөчө көңүл буруу керек.

"Бардык облустарда дезинфекциялык иштердин сапаттуу ишке ашырылышын камсыздоо керек. Дагы бир ирет белгилеп кетем, коронавирусту дарылоо жана анын жайылып кетишине жол бербөө процессине тартылган бардык медициналык кызматкерлер толук көлөмдө коргонуучу костюмдар жана жеке коргонуу каражаттары менен камсыз болушу зарыл. Алыскы райондордогу бир дагы дарыгер тийиштүү коргонуучу формасыз калбашы зарыл. Өкмөт Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдына катуу талаптарды коюуда. Ушул татаал кырдаалда иштеп жаткан медициналык жана башка тармактын адистеринин коопсуздугу өзгөчө көзөмөлдө турат", - деди биринчи вице-премьер-министр.

Ошондой эле ал жарандардын коопсуздугу мамлект жана өлкө жетекчилиги үчүн артыкчылыктуу маселелерден болуп саналаарын баса белгиледи.

"Биз Кыргыз жарандарын жеке өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн ден соолугун тобокелге салбастан, үйдө болууга чакырабыз. Антпесе милициялардын, дарыгерлердин, ӨКМ кызматкерлеринин, мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын аракеттери пайдасыз болот", - деди Кубатбек Боронов.

Жыйында Саламаттыкты сактоо министрлигинин, ӨКМ жана ИИМдин маалыматы угулду.

Мындан тышкары коронавирустун жайылыш абалын мониторингдөө боюнча автоматташтырылган тутумдун бетачары болду, анда коронавирус менен ооруган жарандардын, алар менен байланышта болгондордун, карантиндеги адамдарын орду боюнча бирдиктүү эсеп жүргүзүлөт.

Жергиликтүү бийлик органдарына маалыматтарды тутумга ыкчам киргизүү тапшырмасы берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
09.04.2020. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
тосколдук кылып жатышатко биздин айылда трактор жок башка айылдан келет посттор өткөрбөй жатат
09.04.2020. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушулардын номерлерин жазып койгулачы бергиле, ото керек болуп жатат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: