super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" ЖООП: "Автобус айдоочуларына март айынын айлыгы эртеңден баштап төлөнөт" деп мэриядан жооп беришти

 

"Элдик кабар" бөлүмүнө окурман Бишкек шаарындагы автобус айдоочулары март айындагы айлыктарын ала албай жаткандыгын айтып, видео жөнөткөн. Шаардык мэриянын басма сөз кызматынан бул окуя боюнча SUPER.KG порталына эртеңден баштап айдоочуларга март айынын акысы төлөнүп баштаарын билдиришти.

"Бишкек шаарына киргизилген өзгөчө абал режимине байланыштуу коомдук транспорт толук токтотулган. Андыктан "Тулпар" электрондук билеттештирүү долбоору да убактылуу иштебей калган. Натыйжада троллейбус башкармалыгы жана шаардык жүргүнчү ташыган автотранспорттук ишканасы шаардыктарды ташуудан түшкөн пландуу кирешени алышкан эмес (белгилей кетсек, аталган ишканалар өз алдынча чарбалык субъект катары саналып, жүргүнчү ташуудан киреше алышат).

Бирок учурда автобустун айдоочулары медицина кызматкерлерин, милиция кызматкерлерин жана муниципалдык ишканалардын кызматкерлерин ташып жатышат. Андыктан Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун буйругу менен шаардык бюджеттен муниципалдык автобус жана троллейбустардын айдоочуларынын айлыгы үчүн 12 миллион сом бөлүндү. Айдоочуларга март айынын айлыгы 21-апрелден баштап берилип баштайт", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
21.04.2020. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
gitaris93, коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөргө тыюу салынган. Билдирүүлөр себепсиз өчүрүлбөйт. Тартип бузгандыгыңыз үчүн БАН!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: