Төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат
Кечээ, 20-апрелде Кыргыз Республикасынын Эл артисти, ак таңдай акын, обончу Элмирбек Иманалиев оорудан улам каза болгон. Акындын сөөгү эртең, 22-апрелде жерге бериле турганы белгилүү болду. Бул тууралуу Элмирбек Иманалиевдин күйөө баласы Мирзат Муканов билдирди.
"Бардыгына жооп берип жетише албайт экем. Атам эртең, 22-апрелде саат 11де Тунгучтан чыгарылат. Сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат. Бирок бул чакыруу эмес. Аз киши болсун деп жатышат, туура түшүнөбүз", - деп билдирүү калтырды Муканов.
Акын 1978-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районундагы Чоңко айылында төрөлгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:00
2025-09-12
18:9
2025-09-12
17:57
2025-09-12

17:16
2025-09-12
15:17
2025-09-12
Рейтинг:
0

Элмирбек жылдыз элең күйүп жанган.
бер кандай коноргус талант элен ай арман кун ажалдан качып кутула албайт экенсин да кош ала тоо уулун кетти бейишке