super.kg logo

Саламаттыкты сактоо министрлиги: "Бир суткада коронавирус жуктурган шаарлардан Бишкек алдыда" (видео, хронология)

 


Башынан / Аягынан Маанилүү

2020-04-21 10:26

"Коронавирус жуктургандардын арасында канчасы үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкери, канчасы ооруканада иштеген кызматкерлер жана канчасы санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл ишканасынын кызматкерлери?" деген суроо узатылды. 

Бул боюнча министрдин орун басары: "Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана башка саламаттыкты сактоо мекемелеринде 45 кызматкер, үй-бүлөлүк медицина борборунда 31 дарыгер жана башка медицина кызматкерлери, 71 аймактык ооруканалардын кызматкерлери коронавирус жуктурганы аныкталды. Жалпы саны 147", - деген маалымат берди. 

2020-04-21 10:23

"Кыргыз өлкөсүндө кечээ улгайгандар каза болду. Алар коронавирустан каза болгондугу кантип аныкталды?" деген суроо болду. Буга Үсөнбаев: "Ош облусунда каза болгон киши ооруканада жаткан. Анда өнөкөт оорулары бар болчу. Коронавирус жуктургандан кийин иммунитети төмөн болгон үчүн көтөрө албай калды окшойт.

Ал эми Чүй облусунда каза болгон аял боюнча, ал да көпкө чейин ооруп, өнөкөт оорулары болуп, ооруканага жаткандан баш тартып жүргөн экен. Кийинчерээк абалы оор болуп ооруканага жеткирилгенде коронавируска текшеришкен, андан вирус бар экендиги аныкталган. Аны менен байланышта болгон 5 киши да такталып, текшерүүгө алынды. Азыр алар үй карантининде, медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө болуп жатышат", - деген жооп узатты.

2020-04-21 10:16

Нурболот Үсөнбаев коомчулуктан келген суроолорго жооп берүүдө.

"Түркиядан учуп келген жарандар обсервацияга эмес, үй карантинине жөнөтүлдү дегендин чындыгы барбы?" деген суроо айтылды.

"Түркиядан келген 211 жаран "Ак-Кеме" мейманканасына жаткырылып, тесттери жакшы чыккандан кийин үй шартын карап, телефондорго көзөмөлдөө үчүн атайын тиркемелерди көчүрүп берип, анан үй карантинине жөнөттүк. Алардын арасында операциядан кийинкилер бар экен. Аларды ооруканаларга жаткырдык", - дейт орун басар.

2020-04-21 10:15

Медицина кызматкерлеринен 13ү ооруканадан чыгарылып, акырындап жумушуна кайтып жатат.

2020-04-21 10:07

Дагы 7 медицина кызматкери коронавирус жуктурганы аныкталды. Алардын ичинен:

Ош шаарында – 2;

Ош облусунда – 2;

Бишкек шаарында – 3 медицина кызматкери.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен 147 медицина кызматкерлери катталды.

2020-04-21 10:06

21-апрелге карата 22 адам коронавирус жуктурганы аныкталды. 

Алардын арасынан:

Бишкек шаарында – 8;
Ош облусунда – 3;
Ош шаарында – 6;
Нарын облусунда – 5;
Бейтаптардын жалпы саны 590го жетти.

2020-04-21 10:05

Бир суткада өлкөдө 15 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Алар:
Бишкек шаарында – 4;
Нарын облусунда – 1;
Ош облусунда – 4;
Ош шаарында – 6.

Республика боюнча айыгып чыккандардын жалпы саны 216га жетти.


кошулду
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
21.04.2020. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мамлекеттин бир да козго корунукту иш жасалбагандыгы окундурот... Таза айыл шаарларды на глухо жабыш КК
21.04.2020. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
color-style, Мамлекеттин кылып аткан иштери жакпай жатса Памирге көчүп кет да наалыбай
21.04.2020. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
color-style,ошентип жапса элдин чыдабай турганын билбейсиңби?
21.04.2020. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мекендештер ушул учурда айтылган талаптарды туура кабыл алып, аткарып, тартипке баш ийели. Анткени оору жайылып кетсе чоң жоготуулар болушу мүмкүн. Өзүм билемдикке салбаш керек деген пикирдемин. Кыскасы бул жерде мыйзамды, тартипти сактап, өзүбүздү ойлоп, өзгөнү да унутпашыбыз керек. Эң биринчи эле жакындарыбыздын ден соолугун ойлойлу. Жалпы адамзатка келген сыноону сабырдуулук менен жеңишибиз керек.
21.04.2020. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Adi010891, коомдук адепти сактаңыз. Порталдын дарегине карата сын-пикирлерди атайын дарекке жазылышы керек. Эскертүү!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: