super.kg logo

Премьер-министр: "Бишкек-Кара-Балта жолунун курулушун бүткөрүү үчүн бизде каражат бар"

 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Бишкек - Кара-Балта автожолунун курулушу менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Графиктен артта калып жатканыңыздарды көрүп турам. Бул көптөгөн долбоорлордун биздин өлкөдө гана эмес, дүйнө жүзүндө пандамиядан улам токтоп турушуна байланыштуу. Мурда башталган долбоорлорду улантып, акырындык менен мурдагы жашоо нугуна кайтуу керек. Карантин бүткөндө жол кыймылы олуттуу түрдө кеңейет. Ошондуктан кыймыл аз кезде бардык татаал иштерди аткаруу керек. Бул стратегиялык автожолдун курулушун бүткөрүү үчүн бизде каражат бар", - деди Абылгазиев.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата Бишкек - Кара-Балта унаа жолун реконструкциялоонун алкагында асфальт-бетон төшөлгөн. Жолдун 29,4 чакырымына органикалык минералдык катмар жана 23 чакырым төмөнкү катмар төшөлдү, алардын ар биринин калыңдыгы 9 сантиметр. Курулуш иштерине 31,6 миллион доллар жумшалды. Учурда унаа жолдун оңдолуп жаткан 45,1 чакырым тилкесинде жол салуу иштери 45 пайызга аткарылды.

Бишкек - Кара-Балта тилкеси "Борбор Азия аймактык экономикалык кызматташуусунун транспорттук коридорун жакшыртуу – 3" долбоорунун алкагында кайра курулууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
21.04.2020. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бутпой эле койду го бул жол.
21.04.2020. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Салынган жолдун качествосу начар болуп жатат. Аны эмнеге көзөмөлдөбөй жатасыңар?
21.04.2020. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Каражат жок болсо бүт баарые казып таштабай асфалтын эле сыйрып туруп үстүнөн асфалттап койдагы 10-15 жыл турмак.
21.04.2020. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
90км жол тогуз жылда бутот окшойт,бул иштешинде,эн негизгиси качествосуна конул бургула,бир эки жылда бал муздактай эрип кетпесин.
21.04.2020. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Islambek123,90км эмес 60 эле км
21.04.2020. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жазалган жолу четинен талкаланып ататко фото видеого тартып жөнөтсөм чыгарбай койдуңарго суперинфо
22.04.2020. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Farra16gsin, саламатсызбы, качан жөнөттүңүз эле?
21.04.2020. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Маданият-Жалал-Абад жолу качан башталат????
22.04.2020. 09:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалал-Абад (Сузак) Кочкор-Ата жолу токтоп калдыго ошонуда көзөмөлдөп койсо болбойбу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: