Соль-Илецк шаарынан мекендештерди алып келүүгө казак тарап макул болду
Орусиянын Соль-Илецк шаарынан келе албай жаткан мекендештерге Казакстан коридор уюштуруп бермей болду. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу маалымат таратты.
"Казакстан менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында, казак тарап Орусиянын Соль-Илецк шаарынан келе албай жаткан жарандарды алып келүүгө коридор уюштурууга макулдугун берди. Казак тараптын талабына ылайык, Кыргыз жарандары атайын автобустар менен медицина кызматкерлеринин коштоосунда гана алып келинет.
Транзиттик коридор 30-апрель күнү Соль-Илецк шаарында жашап жаткан жарандарга уюштурулат. Мекенге кайтууга 30-апрелге карата Кыргыз өлкөсү тарабынан берилген тизме боюнча гана уруксат берилет. Казак тараптын талабы менен жарандар автоунааларын Соль-Илецк шаарындагы унаа коюучу жайларга калтырышы керек. Автоунааларын Казакстандын чек арасы ачылганда гана алып келүүгө болот.
Буга байланыштуу штаб Соль-Илецк шаарында жайгашкан Кыргыз жарандарын мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, атайын уюштурулган автобус менен мекенине келип алууга чакырат. Учурда мекендештердин тизмеси такталууда", - деп жазылат кайрылууда.
Буга чейин коронавирус пандемиясынан улам Орусиядан Кыргыз өлкөсүнө кайтып келе жаткан Кыргыз жарандары Соль-Илецк шаарында Казакстан менен чектеш аймакта калып калгандыгы тууралуу жазылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
adoi

30.04.2020. 21:24
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Унаалары менен эле откоро турган кылып суйлошсо болмок, эч жерге токтотпой колонна кылып кузотуп койсо болотта, алдына бир гаини, артына бир гаини коюп кузотуп койсо болот. Мурда озбекстан менен каттаганыбызда ушундай кылып кузотуп койчу.
Zhoro

30.04.2020. 23:40
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Граница качан аяылат
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.