super.kg logo

Жашаган жеринен, иш ордунан тышкары жөнү жок шаарды унаа менен айланып жүргөндөргө айып салынат

 

Бишкекте өтө муктаж болбогон учурларда өздүк унаада жүрүүгө тыюу салынат.

Бишкек шаарынын ичиндеги кыймыл-аракетке дагы деле болсо чектөө бар, жумушта иштеген жарандар үй-жумуш, жумуш-үй маршрутунда, атайын жумуш ордунан алынган маалым каттын негизинде жүрө алышат. Бул тек гана Бишкек шаарынын комендатурасы бекиткен тизмеге дал келген жарандар.

Бишкек шаардык комендатура 30-апрель күнү “өзгөчө кырдаалдар учурундагы экономикалык абалга өзгөртүү киргизүү” жөнүндөгү буйругун бекиткен. Бул буйрукта төмөнкү транспорттук каражаттардын иш алып баруусуна уруксат берилет:

Уруксат кагаздары бар жүргүнчү ташуучу автобустарды пайдаланууда, жүргүнчү орундарынан 60-70 пайыздан ашык эмес адам толтуруу;

Такси кызматында иш алып баруучу транспорт каражаттарына, 2ден көп эмес жүргүнчү жана бир жаш балага уруксат берилет;

Медициналык мекемелерге шашылыш барчу же азык-түлүк дүкөндөрүнө барууга.

Жашаган жеринен иш ордунан жана кайра кайтып баруудан тышкары, шаарды айланып жүрүүгө тыю салынат. Уруксат берилген мекемелердин тизмесине кирбеген тармактардагы бардык уюмдар жана ишканалар өзгөчө кырдаалдын чектөөлөрүнө баш ийүү менен өз ишин алыстан онлайн режиминде улантууга тийиш.

Эскерте кетсек, иштеген жеринен берилүүчү маалым кат расмий бланкта болушу керек, анда уюмдун аталышы, толук аты-жөнү жана уюмдун жетекчисинин, кадрлар бөлүмүнүн кызматкеринин телефон номерлери менен тастыкталуусу зарыл. Уруксат берилген мекемелердин тизмесине кирбеген тармактардагы бардык уюмдар жана ишканалар өзгөчө кырдаалдын чектөөлөрүнө баш ийүү менен өз ишин алыстан онлайн режиминде улантууга тийиш.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы эскертет. Жогорудагы буйруктардын талаптарын бузгандар жоопкерчиликке тартылат. Буга 3 миң сом айып салынат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
02.05.2020. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Келесоо киши бар бекен жөн эле машинасын айдап алыып шаарды айланып жүрө бергидей???
Kattaldym түзөттү 2020-05-02 18:20:45
02.05.2020. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Kattaldym,патсандар журушот эки жака айдапле жалал абадда
02.05.2020. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
assanov97,азыр 99 00 01 02 лерди барыле жугили теп журушот 30 40 минге алыпалышып
02.05.2020. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Вирус унаага жугабы же адамгабы
02.05.2020. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бензинин болсо айланасынбы.
02.05.2020. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бензинге акча болсо айланабы, жумушуң болбосо акча кайдан, карантин бүтө элек болсо кайдагы жумуш
02.05.2020. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жоо жургонго караганда машина менен журсо оору жукпайт болуш керек.Айыптан башка соз чыгабы булардан
02.05.2020. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бу жетим окмоту бут баарын отуп тамыры менен жок кылыш керек уят казактын окмотунун долборун кочуруп алып озунордун башынар жокбу
02.05.2020. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ушул комендатурага менин ордумдан ХХХХХХ деп жеткирип койгулачы базарда эл тыгылып жатат көчөдө эл тыгылып жатат кичи автобустарды уруксат кагазын алып 70% толтурса 13-14 адамга вирус жукпайт бекен ХХХХХ таксиде 2 адамдан ашыкча жүрсө жугат бул эмне деген акылсыздык тоссонор баарын тоскула тосбосонор эптемей кылып тоспой эле койгула
Модератор admin_portal түзөттү 2020-05-03 22:13:49
02.05.2020. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Болду да жумуштар бутсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: