super.kg logo

Ошто 80 ишкердин ишканасы санитардык-карантиндик эрежени сактабаганы үчүн жабылды

 

Бүгүн, 5-майга карата Ош шаары, Кара-Суу жана Ноокат райондору боюнча комендант Малик Нурдинов жана Араван районунун акими Курманбек Айтибаев онлайн маалымат жыйын беришти.

Анда облустагы жана райондогу акыркы кырдаалга байланыштуу маалыматтардын орчундуулары айтылды. Комендант маалымат жыйын учурунда эреже сактабаган ишкерлер мыйзам алдында жооп бере турганын эскертип, тинтүү учурунда мыйзамды сактабаган 80 ишкана жабылганын билдирди.

"1-майдан тарта ишкерлерге 7 багытта уруксат берилген. Биз ишкерлерге толук багыттуу, так медицина кызматкерлери берген санитардык-карантиндик эрежелерди сактоо менен жумуш алып барасыңар деген алгоритм тапшырма бергенбиз. 2-майдан бүгүнкү күнгө чейин ишкерлердин иштөө тартиптерин текшерген учурда 80ге жакын ишкердин иштери эрежеге дал келген эмес. Алар бет кап жок, кайдыгер мамиле жасап, башкалардын саламаттыгын ойлобой, ишмердүүлүгүн жүргүзө беришкен.

Алардын баары комиссиянын негизинде толук жабылды. Комиссиянын мүчөлөрү мэрия, райондук администрациянын өкүлдөрү, фитосанитардык кызматынын, ветеринария кызматынын өкүлдөрү, ИИМ кызматкерлери жана башка мекемелердин кызматкерлери болуп эсептелинет. Бул топ эртең эле жоюлуп кетпейт. Аталган топ ар дайым ишкерлерге текшерүү жүргүзөт. Анткени элдин саламаттыгы эң башкы баалуулук болуп саналат", - деди Нурдинов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: