Депутат селден зыян тарткан дыйкандардын чыгымдары кантип калыбына келтирилерин сурады
Бүгүн, 5-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айнура Осмонова селден зыян тарткан дыйкандардын чыгымдары кантип калыбына келтирилерин сурады.
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев эгиндерин жоготкон дыйкандын зыяны учурда эсептелип жатканын, такталган соң маалымат берилерин билдирди. "Азыркы учурда айыл чарбасын камсыздандыруу боюнча депутат Мирлан Бакировдун жетекчилиги менен мыйзам долбоору иштелип чыгып жатат. Ошол мыйзам ишке кириши керек", - деди ал.
2-май күнү саат 18:30 чамасында жаап өткөн жаандын кесепетинен тоолордон келген сел суулары арыктан ашып, Исфана шаарындагы Дадасиян, Восточный, Строительный көчөлөрүндө жана Жаңы-Конуш тилкесинде жайгашкан 4 турак үйдүн жер төлөөсүнө, 10 турак үйдүн короолоруна, "Арча-Бешик" бала бакчасынын жер төлөөсүнө жана Кара-Дөбө айылынын Катар тилкесинде 1 турак үйгө сел кирип кеткен. Ошондой эле Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 380-чакырымын, Исфана-Андарак-Көк-Таш унаа жолунун 10-27-чакырым аралыгын, Самат-Замборуч-Жаркыштак унаа жолунун 8-27-чакырым аралыгын кум-шагылдарга толтурган.

