super.kg logo

Коронавирус жугузуп алган, анын кесепетинен каза болгон медициналык кызматкерлерге кенемте төлөөгө бюджеттен 50 миллион сом каражат бөлүнөт

 

Кызматтык милдеттерин, кесиптик парзын аткарууда коронавирус жугузуп алган жана анын кесепетинен каза болгон саламаттыкты сактоо уюмдарынын медициналык жана башка кызматкерлерине бир жолку акчалай компенсация төлөөгө республикалык бюджеттен 50 миллион сом каражат бөлүнөт. Тийиштүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Аталган буйруктун негизинде төмөнкүлөргө бир жолку акчалай компенсация бекитилген:

- өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминин шарттарында медициналык жардам көрсөтүү же илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү учурунда кызматтык милдеттерин, кесиптик парзын аткарууда коронавирус инфекциясын жугузуп алган саламаттыкты сактоо уюмдарынын медициналык жана башка кызматкерлерине 200 миң сом өлчөмүндө;

- өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминин шарттарында медициналык жардам көрсөтүү же илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү учурунда кызматтык милдеттерин, кесиптик парзын аткарууда коронавирус инфекциясын жугузуп алуунун кесепетинен каза болгон саламаттыкты сактоо уюмдарынын медициналык жана башка кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө 1 миллион сом өлчөмүндө акча берилет.

Бир жолку акчалай компенсацияларды төлөө үчүн Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан комиссия түзүлүп, кызматтык териштирүүнүн негизинде конкреттүү медициналык жана башка кызматкерге тиешелүү компенсация төлөө жөнүндө чечим кабыл алынат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
06.05.2020. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ачыгын айтканда озгочо абал жарыялагандан башка эч бир жакшы иш кылбадынар элди кантип акчасын сорсок деп турасынар Байларды салык толото албай жонокой таксист жарандардын кыйнап канын ичип жатасынар
06.05.2020. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Коррупция башталды эми короно вирус жуктуруп алуу көбөйөт врачтарда 200 миң сом алып калайын деп
06.05.2020. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Иштеп чыккан врачтардын акчасын берише элек. Оздору мынча болдук деп жеп алышып Эми ушул акчасын да болуп алгыла
07.05.2020. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ошондо 50 даарыгер олсо 50000000 берилеби?... Ар бирине 1000000 дон беле? Ммм тушунуктуу...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: