Депутат билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагындагы көйгөйлөр көп экенин айтты
Депутат Марат Аманкулов билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагындагы көйгөйлөр көп экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 13-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"COVID-19 пандемиясынан улам түзүлгөн кырдаал бул жаатта көйгөй көп экенин көрсөттү. Дарыгер болуу үчүн студент 10 жыл окуп, жыйынтыгында 10 миң сом алат. Ал убакта анын үй-бүлөсү бар болот. Мугалимдерде деле ушундай көйгөй. Кыргыз өлкөсүндө бул тармакта эмне күтүлөт?" - деди депутат.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев каражаттын жетишсиздигине байланыштуу өкмөт мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармактарына инвестицияларды тартууну көздөп жатканын билдирди.
Депутат өкмөт башчыга кошулбай турганын айтып, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагы акысыз болушу шарт экенин белгиледи.

